Эмгек министрлиги жана “Аялдардын кенеши” коомдук бирикмеси аялдардын жана балдардын укуктарын биргелешип коргойт
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана “Аялдардын кеңеши” коомдук бирикмеси кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Салтанаттуу кол коюу бүгүн, 30-августта министрликте болуп өттү. Бул документ өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын аныктайт, атап айтканда балдардын, аялдардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо, коомдук-саясий турмушта аялдардын ролун, статусун жогорулатуу боюнча. Кол коюуга Эмгек министри Кудайберген Базарбаев, “Аялдар Кеңеши” бирикмесинин […]














