Эмгек министринин биринчи орун басары: 2025-жылы 7 миңден ашуун жаран кесиптик окуудан өттү
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов Жогорку Кеңеште өткөн, өлкөдө чоңдордун билим берүү системасын өнүктүрүүгө арналган жыйынга катышты. Иш-чарада ал 17-апрель “Чоңдордун билим берүү күнү”, — өлкөнүн календарына киргизилгенин белгилеп, бул чечим үзгүлтүксүз билим алуу маданиятын жайылтууда маанилүү кадам экенин айтты. «Бул чечим билим алуу курак менен чектелбестигин дагы бир […]














