Эмгек министрлиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон маалымкаттардын санын кыскартты
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарды алуу процедураларын жеңилдетүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу билдирди. Алсак, “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму (ВЭӨТ) аркылуу ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнү киргизүүнүн аркасында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл болгон маалымкаттардын жана документтердин саны 29га чейин кыскарды. […]














