Эмгек министрлиги Ысык-Көлдө 100 жетим жана майып балдар үчүн эс алууну уюштурду
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Улан” Балдардын ден соолукту чыңдоо борборунда 100 жетим, майып балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн эс алууну уюштурду. Ден-соолук борборунда балдар 10 күн эс алышат. Чындоо борборго жеткенче балдарды жол-кайгуул кызматы коштоп жүрөт.














