«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2019 – жылдын I – кварталындагы иши тууралуу маалымат
Борбордун кызматкерлери күн сайын жана күнү-түнү 111 кыска номерине келип түшкөн чалууларды кабыл алышат, угат жана абоненттерге же консультация, же психологиялык жардам көрсөтөт. Кабыл алынган конкреттүү суроолор – чалуулар журналга катталат, аларга анкета толтурулат. 2019 – жылдын I кварталында 34559 телефондон кайрылуу, же бир суткада 383 чалуу түшкөн. Анын ичинен 657 абонент консультация алуу же […]