Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров “Жарандардын кээ бир категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө” Жарлыка кол койду
Калктын аярлуу катмарын, анын ичинде аз камсыз үй-бүлөлөрдөгү балдарды колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Президенти “Жарандардын кээ бир категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө” Жарлыка кол койду. Жарлыка ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине 2022-жылдын 1-июнунан тартып мамлекеттик төлөмдөрдүн төмөнкү түрлөрүнүн өлчөмүн жогорулатуу тапшырмасы берилип жатат: – “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун 810 сомдон 1200 сомго чейин; – I топтогу […]




















