КР вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жамаатына министр кызмат ордуна дайындалган Ализа Солтонбековнаны тааныштырды
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жамаатына министр кызмат ордуна дайындалган Солтонбекова Ализа Карыпбековнаны тааныштырды. Эльвира Сурабалдиев жаңы министрди тааныштырып жатып, Министрлик калктын аялуу катмарын колдоо боюнча жигердүү иштерди алып барышы керектигин баса белгиледи. “Ализа Карыпбековна жаңы кызматка дайындалганга чейин эле системада иштеп келген, мындан ары дагы Министрликтин жемиштүү […]




















