КР ЭСӨМ: 2018-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 1-сентябрына чейинки аралыкта 362 671 балага “Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөкпулу төлөндү
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан 2018-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 1-сентябрына чейинки аралыкта 4 миӊ сом өлчөмүндө 362 671 балага “Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөкпулу төлөндү. Аталган төлөмдөргө республикалык бюджеттен 1 459 995 350 сом сарпталган (жалпы суммада, банктык кызмат көрсөтүүлөргө каралган каражаттар да көрсөтүлгөн). “Балага сүйүнчү” төлөмүнүн жол-жобосу жеӊилдегенин Министрлик эскертет. Акча каражаттарды жекече өздүк […]













