Токмок шаарынын борборунда энелердин парады өттү
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Токмок шаарына өлкөнүн бардык аймактарынан келген апаларды келе жаткан Энелер күнү менен куттуктады. «Үй-бүлөнү, үй-бүлөлүк баалуулуктарды, энеликти сактоо – мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу милдеттери. Айрыкча аялдарга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга басым жасалат. Бул үчүн министрлик аялдарды ишке орноштурууга көмөктөшүүдө жана иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө. Президент С.Н.Жапаровдун […]