Ош шаарында аз камсыз болгон 160 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлөт
68 үй-бүлө 100 миң сомго сертификат алышты, калган бизнес-долбоорлор комиссиянын кароосунан өтүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова сертификаттарды тапшыруу учурунда билдирди. “Бардык бизнес-идеялар эки этаптуу катуу тандоодон өтөт. Жергиликтүү бийлик органдарынын, Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия киргизилген сунуштарды кылдат иликтейт. Анткени, ар бир долбоор, […]