Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү!
Эл аралык карылар күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын чечими менен 1990-жылдан бери жыл сайын 1-октябрда белгиленип келет.
Эл аралык карылар күнү – улуу муунга терең урмат-сый көрсөтүүгө жана эң жылуу сөздөрүн айтууга түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдүн бири.
Улуу муундун адамдары бизге өздөрүнүн оптимизмин, жакшы маанайын жана жаркын идеалдарга болгон ишенимин өткөрүп беришет, каада-салттарды, үрп-адаттарды, тарыхый жана маданий баалуулуктарды кылдаттык менен сактап турушат. Ал эми биздин милдет – карыларга татыктуу жашоо шарттарын түзүү, алардын коомго активдүү катышуусуна көмөк көрсөтүү болуп эсептелет.
Баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр, бакубатчылык, оптимизм жана бардык жакшылыктарды каалайм. Ал эми улуу муундарды сыйлоо ар бирибиздин күнүмдүк парзыбыз болуп калсын.
Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү!
Сиздер бизге турмуштук тажрыйбаңыздар, акылмандуулук жана көрөгөчтүк менен жол көрсөтүп келесиздер. Сиздердин үлгүлүү жүрүм-турумуңуздар жана мекенге болгон кызматыңыздар өсүп келе жаткан муундарга ар дайым бийик адеп-ахлактык багыт болуп келет.
Улгайган жарандарды социалдык жактан коргоо ар дайым мамлекетибиздин эң маанилүү иши болуп кала берет.
Урматым менен, Министр Г.М.Баатырова
ЖЕКЕ АССИСТЕНТ