Эмгек министрлиги кызматкерлерди аттестациядан өткөрүүдө

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык коргоо департаментинин, жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун, эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын  жана Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын кызматкерлерин аттестациядан өткөрүүдө. Аттестациялык комиссиянын курамына Министрликтин жетекчилиги, Президенттик Аппараттын, мамлекеттик кадр кызматынын өкүлдөрү, башкармалыктардын жетекчилери, көз карандысыз эксперттер кирди. Мамлекеттик кызматчылардын аттестациялоонун максаты […]

Далее..... Эмгек министрлиги кызматкерлерди аттестациядан өткөрүүдө

Эмгек министрлиги: Үч жылда 48 миңден ашуун адам ишке орношту

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт, үч жыл ичинде иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан 48,1 миң жумушсуз кыргызстандыкты ишке орноштурууга көмөк көрсөтүлгөн. Жыл боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй: * 2021-жылы-15,6 миң адам жумушка орношкон, * 2022-жыл-15,8 миң адам, * 2023-жыл-16,7 миң адам. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында көрсөтүлгөн мөөнөттө республикада жумушсуздардын саны 8,0% га кыскарды. Расмий жумушсуздук […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Үч жылда 48 миңден ашуун адам ишке орношту

Эмгек министрлиги: Балдардын майыптыгы боюнча жөлөк пул алуу үчүн кандай документтер керек

  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын башына карата 18 жашка чейинки 37 494 бала майыптыгы боюнча жөлөк пул алышат. 2021-жылдын күз айынан бери Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Жарлыгы менен жөлөк пул эки этап менен 100%га көтөрүлүп, бүгүнкү күндө ар бир балага айына 8000 сомду түзөт. 18 жашка чыга элек майыптуулук бар балага […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Балдардын майыптыгы боюнча жөлөк пул алуу үчүн кандай документтер керек

Гүлнара Баатырова жарандарды жеке кабыл алды

19-январда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова министрге жеке кабыл алууга жазылган жарандарды кабыл алды. Министрликтин коомдук кабылдамасында Гүлнара Баатырова жарандардын суроолорун жана көйгөйлөрүн укту. Жарандар ата-энесиз калган балдардын укуктары, майыптык, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун дайындалышы, ашык иштеген саат үчүн эмгек акы төлөнбөгөндүгү жөнүндө, ошондой эле социалдык жөлөкпулдар боюнча суроолорун жана көйгөйлөрүн айтышты. Министр […]

Далее..... Гүлнара Баатырова жарандарды жеке кабыл алды

Эмгек министри Гүлнара Баатырова Жайыл районундагы социалдык контракттын катышуучуларына барды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Жайыл районундагы «Социалдык контракт» программасына катышып жаткан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө барды. «Азыркы учурда Чүй облусунда 600дөн ашык үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт түзгөн болсо, анын ичинен 46сы Жайыл районунда жашайт. Биз бүгүн барган Жылдыз Жунушалиева сыяктуу үй-бүлөлөрдүн 70%ы мал чарба тармагында жеке бизнесин ачышкан. Беш баланын […]

Далее..... Эмгек министри Гүлнара Баатырова Жайыл районундагы социалдык контракттын катышуучуларына барды

Эмгек министри Гүлнара Баатырова аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө күн батареяларын орнотуу боюнча долбоордун ишке ашырылышын текшерди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова “Нур-Кубат”пилоттук программасын ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. «Бул социалдык мааниге ээ долбоор пилоттук режимде Жайыл жана Чүй райондорунда ишке ашырылууда. Жаңы жылдын алдында “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө күн батареялары толук орнотулуп бүтүп, байкоо иштери жүрүүдө. Ашыкча өндүрүлгөн электр энергиясы мамлекет тарабынан сатылып алынып, […]

Далее..... Эмгек министри Гүлнара Баатырова аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө күн батареяларын орнотуу боюнча долбоордун ишке ашырылышын текшерди

Эмгек министри Гүлнара Баатырова аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө күн батареяларын орнотуу боюнча долбоордун ишке ашырылышын текшерди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жана Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева “Кыргыз Республикасынын Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи отурумуна катышышты. Отурум Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу менен өттү. […]

Далее..... Эмгек министри Гүлнара Баатырова аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө күн батареяларын орнотуу боюнча долбоордун ишке ашырылышын текшерди

Эмгек министрлиги: 2023-жылдын жыйынтыгы менен ишке орношкон жумушсуздардын саны 6%га өстү

2023-жылдын жыйынтыгы менен иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 7% га азайып, 91,6 миң адамды түздү. Ошол эле учурда ишке орношкон жумушсуз жарандардын саны 6%га өскөн. Иш менен камсыз кылуу кызматы бир жылдын ичинде 16,7 миң кыргызстандыкка жумуш табууга жардам берген. Эмгек министрлиги тарабынан көрүлгөн чаралардын аркасында жыл ичинде жумушсуздуктун жалпы деңгээли […]

Далее..... Эмгек министрлиги: 2023-жылдын жыйынтыгы менен ишке орношкон жумушсуздардын саны 6%га өстү

Жарандын кайрылуусу жеке кабыл алууда каралды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кароосуна Бишкек шаарынын тургуну, II топтогу майыптыгы бар Майрамкүл Төрөгелдиеванын кайрылуу каты келип түшкөн. Жаранга Министрлик тарабынан кайрылуу катында көрсөтүлгөн маселелердин тиешелүүлүгүнө жараша иш алып баруучу мамлекеттик органдар боюнча багыт берилди. Ошону менен бирге эле, М. Төрөгелдиевага майыптык тобун алуу үчүн медициналык социалдык эксперттик комиссиядан күбөлөндүрүүдөн өтүү […]

Далее..... Жарандын кайрылуусу жеке кабыл алууда каралды

Эмгек министрлиги жарандардын кайрылууларын социалдык тармактар аркылуу кабыл алат

  Урматтуу жарандар! Эгерде сиздерде, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине байланыштуу суроолоруңуздар, сунуштарыңыздар болсо, Министрликтин социалдык тармактардагы баракчаларына билдирүүңүздөрдү калтырсаңыздар болот. Ал үчүн төмөнкү шилтемелер менен киресиздер. Тиешелүү кызматкер тарабынан маалымат берилет Facebook: Кыргыз Ресрубликасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги https://www.facebook.com/profile.php?id=100064790466273&mibextid=2JQ9oc Instagram: mintruda_official https://www.instagram.com/mintruda_official?igsh=MXNrbzBjZTlzaWt5cw== Коомдук кабылдаманын номуру: 0312 660107

Далее..... Эмгек министрлиги жарандардын кайрылууларын социалдык тармактар аркылуу кабыл алат
Пайдалуу
Ссылкалар