Эмгек министри Кара-Суу районундагы Социалдык контракт программасына катышкан үй-бүлөлөрдү кыдырды
Социалдык контракт программасынын алкагында кошумча 4,5 миң жумушчу орун түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Ош облусунун Кара-Суу районунда Социалдык контракт программасынын аткарылышын мониторингт жүргүзүү учурунда билдирди. «Алынган киреше үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн жашоосун жакшыртаарын эске алсак, бул программа өлкө боюнча 70 миңден ашык адамдын жашоо сапатын жакшыртты деп айта алабыз. […]














