Биздин милдет – балдардын кыялдарын орундатуу, – Эмгек министри Кудайберген Базарбаев

Бүгүн, 13-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Чүйдөгү жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар мектеп-интернатынын тарбиялануучуларына барды. Мектеп-интернатта Кыргызстан боюнча 189 бала жана өспүрүмдөр жашайт. Президент С.Н.Жапаровдун атынан министр тарбиялануучуларга кийим-кече жана Ысык-Көлгө жолдомо тапшырды. Кудайберген Базарбаев мугалимдерге жана тарбиячыларга балдарга ыңгайлуу шарт түзүп берген эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. «Балдар кыялданышы керек, […]

Далее..... Биздин милдет – балдардын кыялдарын орундатуу, – Эмгек министри Кудайберген Базарбаев

Эмгек министри мектеп окуучуларына кесиптик багыт берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “Балдарды коргоо борборунун” балдарына кесиптик окутуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу Катчылыгынын демилгеси менен уюштурулган жолугушуу 12-июнда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк балдар эмгегине каршы күрөшүүнүн күнүнүн алкагында өттү. Министрдин айтымында, Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында мекеменин негизги милдети катары үй-бүлөнү […]

Далее..... Эмгек министри мектеп окуучуларына кесиптик багыт берди

Эмгек министрлигинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыкты

10-июнда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин министр К.Б.Базарбаев жетектеген кызматкерлери «Улуттук экологиялык» масштабдуу “Улуттук тазалык күнү” акциясынын алкагында өтүп жаткан жалпы республикалык ишембиликке чыгышты. Ишембиликте Э З.Гареев атындагы сейил багынын жетекчиси Г.Ч.Донбаева болду. Министрликтин Борбордук аппаратынын кызматкерлери тарабынан Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бактын атайын аянтында тазалоо иштери жүргүзүлдү. Аткарылган иштердин алкагында участоктор таштандылардан, […]

Далее..... Эмгек министрлигинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыкты

Кыргызстандыктар коопсуз миграция боюнча маалыматты “Манас” аэропортунан учуп жатканда ала алышат

«Манас» аэропортуна өлкөдөн тышкары кетип жаткан эмгек мигранттары үчүн коопсуз миграция жана адам сатууга каршы күрөшүү боюнча ыкчам маалымат берүүчү маалыматтык күркөлөрү (LED панелдери) орнотулду. “Эмгек министрлиги Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан коюлган чет өлкөлөрдө коопсуз ишке орноштуруу жаатындагы милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо. Бүгүнкү күндө мыйзамдуу түрдө министрликтин тиешелүү борбору аркылуу Россияда, […]

Далее..... Кыргызстандыктар коопсуз миграция боюнча маалыматты “Манас” аэропортунан учуп жатканда ала алышат

Эмгек министри Ислам Кызматташтык Уюмунун конференциясында иш менен камсыз кылуунун жаңы чаралары жөнүндө айтып берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Египеттин Каир шаарында 5-6-июнда өтүп жаткан Социалдык өнүктүрүү боюнча министрлердин экинчи конференциясына катышууда. Ислам Кызматташтык уюму өткөргөн конференцияда УКУга мүчө мамлекеттердин, анын органдарынын жана мекемелеринин балдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү, балдар эмгегинин көйгөйлөрүн чечүү, нике жана үй-бүлө институтунун укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, улгайган адамдарды жана майыптыгы бар […]

Далее..... Эмгек министри Ислам Кызматташтык Уюмунун конференциясында иш менен камсыз кылуунун жаңы чаралары жөнүндө айтып берди

Сириядан кайтып келген аялдар жана балдар реабилитациядан өтүп, мекенине жөнөтүлдү

2023-жылдын 16-февралында «Айкөл» операциясынын алкагында 18 аял жана 41 бала Сирия Араб Республикасынын жер которгон лагерлеринен Кыргыз Республикасына мекенине кайтарылган. Репатриация АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин көмөгү менен тиешелүү мамлекеттик органдардын аракети менен ишке ашырылды. Кыргыз Республикасына келгенден кийин аялдар жана балдар реабилитациялык борборго жайгаштырылып, алар медициналык, психологиялык, теологиялык, билим берүү адаптациялоо жана реабилитациялоо боюнча иш […]

Далее..... Сириядан кайтып келген аялдар жана балдар реабилитациядан өтүп, мекенине жөнөтүлдү

Сауд Арабиясы Кыргызстанга 25 тонна курма тартуулады

Сауд Арабия Королдугунан Кыргызстанга 25 тонна курма тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чарага Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев жана Сауд Аравиясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим бин Аль-Ради жана Ауад Масоуд Аль Кахтани мырза катышты. “Бул долбоор падыша Салман атындагы куткаруу жана гуманитардык иштер борбору тарабынан ишке ашырылууда. Ошол […]

Далее..... Сауд Арабиясы Кыргызстанга 25 тонна курма тартуулады

Эмгек министрлигинин “балдар үчүн ишеним телефонуна” саатына сегиз чалуу келет

2023-жылдын май айында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Балдар үчүн ишеним телефону борборуна 6,6 миңден ашык чалуу түшкөн. Бул суткасына 212 чалуу. Ошол эле учурда чалуулардын үчтөн бир бөлүгүн гана балдардын кайрылуулары түзсө, калган чалууларды балдарды тарбиялоо, алар менен болгон мамилелер боюнча психологиялык консультацияга муктаж ата-энелер түзгөн. Телефон чалган балдардын арасында кыздар алдыда. Дээрлик […]

Далее..... Эмгек министрлигинин “балдар үчүн ишеним телефонуна” саатына сегиз чалуу келет

Эмгек министринин орун басары Жаңыл Алыбаева: Социалдык келишимге катышкан айыл жергесиндеги аялдар киреше ала башташты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Талас облусунун Бакай-Ата районундагы “Социалдык контракт” долбоорунун катышуучуларына текшерүү менен барды. «Мен биринчи барган үй-бүлө үч баланын энеси Асел Тыныбекова болду. Алган 100 миң сомго алгач уй сатып алып, сүт, айран сата баштаган. Алган кирешеге бүт үй-бүлөнү камсыздап, тоок сатып алып, бизнесин өнүктүрүүгө да жетишти. […]

Далее..... Эмгек министринин орун басары Жаңыл Алыбаева: Социалдык келишимге катышкан айыл жергесиндеги аялдар киреше ала башташты

Эмгек министрлиги менен Майлуу-Суу лампа заводу жумушсуз жарандарды окутуу жана ишке орноштуруу боюнча кызматташат

Бул тууралуу Эмгек министрлигинин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Наргиза Туркебекова менен заводдун жетекчилигинин жолугушуусунда айтылды. «Майлуу-Суу лампа заводу» ААКнын директору Виктор Ляховец билдиргендей, завод мамлекеттин карамагына өткөндөн бери 2021-жылга салыштырмалуу 15,9 миллион лампа көп сатылган. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 280,7 миллион сомго көп киреше алып келди. Анын айтымында, былтыртан бери кызматкерлердин эмгек […]

Далее..... Эмгек министрлиги менен Майлуу-Суу лампа заводу жумушсуз жарандарды окутуу жана ишке орноштуруу боюнча кызматташат
Пайдалуу
Ссылкалар