Кыргызстанда жаңы Үй-бүлө кодекси иштелип чыгат
Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаровдун тапшырмасы боюнча жаңы Үй-бүлө кодексин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун отуруму болуп өттү. Жыйынга мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер катышты. Жумушчу топ түшүндүргөндөй, Үй-бүлө кодексин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык топтун милдети заманбап талаптарга ылайыкталган үй-бүлөлүк мамилелерди укуктук жөнгө салуу системасын иштеп чыгуу болуп саналат. […]














