Эмгек министрлиги “Санариптик көчмөн”статусун алуу үчүн чет элдиктерден 600дөн ашык арыз кабыл алды
Бул тууралуу бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйынында билдирди. “Оруссиянын, ошондой эле Азербайжандын, Армениянын, Белоруссиянын, Молдованын жана Казакстандын тургундары Кыргызстанга кирүүдө “Санариптик Көчмөн” катары каттала алышат, бул статус аларга өлкөдө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бүгүнкү күндө бизге 600дөн ашуун адам кайрылды, алардын ичинен 150 адам ушул статуска […]