400 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүлдү
Бүгүн, 4-майда, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова Бишкек шаарында жана Чүй облусунда аз камсыз болгон 400 үй-бүлөгө акчалай жардам, кийим-кече жана азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардамды берүү боюнча кайрымдуулук акциясына катышты. Бул акция министрлик менен “Ассанабил” эл аралык кайрымдуулук фондунун кызматташтыгынын алкагында жүргүзүлдү. Жардамдын жалпы суммасы 7 миллион сомду түздү. […]













