Эмгек министрлигинин кызматкерлери Сузакта кырсыктаган балдарга жардам көрсөтүшүүдө
Сузак райондук, Жалал-Абад шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын кызматкерлери, психолог адистер менен бирге Сузак районунун Жерге-Тал айылынын Катмы жайлоосунда Портер автокырсыгынан жабыркаган өспүрүм балдарга психологиялык жана гуманитардык жардамды көрсөтүшүүдө. Жаракат алган балдардын арасында аз камсыз болгон үй-бүлө катары “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуучулар жана турмуштук оор кырдаалга кабылган, ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган 7-класстын […]