Эмгек министри Канат Сагынбаев Дохада өткөн социалдык өнүгүү боюнча саммитте жакырчылыкты жоюу жана коомдук адилеттүүлүктү камсыз кылуу боюнча жалпыга таандык максаттарды колдоорун билдирди
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Катар мамлекетинин Доха шаарында өткөн Экинчи Дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинин алкагында уюштурулган ачарчылык жана жакырчылык менен күрөшүү боюнча Глобалдык альянстын лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышты. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында, делегацияны Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов жетектеп, Эмгек министри Канат Сагынбаев жакырчылыкты жоюу, […]













