Эмгек министрлигинин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияга кетүүдөгү алдамчылык жөнүндө эскертет
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияда жана Европа континентинин өлкөлөрүндө жумушка орношуу боюнча алдамчылык фактылары көбөйүп жатканын эскертет. Жарандарды Улуу Британияга ишке орноштуруу тартиби акысыз негизде жүргүзүлөт, арыз берүүчү өз алдынча авиабилет сатып алып, жумуш визасын алуу үчүн консулдук жыйымды төлөйт. Борбор жарандарды “Instagram” жана […]