КР Эмгек министри жана Катар Элчиси социалдык тармактагы кызматташуунун жаңы багыттарын белгилешти
2025-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасындагы Катар Мамлекетинин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри менен жолугушту. Тараптар эки тараптуу кызматташууну бекемдөө жана социалдык жана эмгек тармактарындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Айрыкча, эмгек миграциясын өнүктүрүү жана Кыргызстандын жарандары үчүн чет өлкөлөрдө […]













