Өкүлчүлүктүн көмөгү менен кыргызстандыктар айлык акыларын алышты

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү мекендештердин  эмгек укуктарын ийгиликтүү коргоду. Буга чейин ведомствого «РБК Стройинвест» ЖЧК курулуш компаниясынын жетекчилиги айлык акысын төлөбөй жатканын билдирип, Кыргыз Республикасынын 11 жаранынан коллективдүү кайрылуу түшкөн.  Өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан ыкчам кабыл алынган чаралардын натыйжасында, жалпы суммасы 1 миллион 872 миң рублди түзгөн айлык акы […]

Далее..... Өкүлчүлүктүн көмөгү менен кыргызстандыктар айлык акыларын алышты

Эмгек министрлиги: Кыргызстандын аймактарында социалдык коргоо мекемелерин куруу жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

  Бишкек, 2026-жылдын 21-сентябры. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөнүн аймактарында социалдык коргоо тутумунун жаңы мекемелерин куруу жана иштеп жаткан мекемелерди капиталдык оңдоо боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканын маалымдайт. Социалдык инфраструктураны өнүктүрүүнүн алкагында Кара-Кулжа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жаңы имараты курулууда. Долбоорду ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 114 […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Кыргызстандын аймактарында социалдык коргоо мекемелерин куруу жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

Эмгек министри ЭМУнун өкүлү менен миграциялык саясат маселелерин талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри А.К. Имангазиев миграция саясатынын, мигранттардын укуктарын коргоонун жана социалдык коргоо жаатындагы кызматташтыктын негизги маселелерин талкуулоо үчүн Миграция боюнча эл аралык уюмдун (ММО) Субрегионалдык өкүлү Серхан Актопрак менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө миграцияны башкарууну жакшыртуу боюнча учурдагы чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле министрлик  менен ЭМУнун ортосунда эмгек мигранттарынын социалдык коргоо […]

Далее..... Эмгек министри ЭМУнун өкүлү менен миграциялык саясат маселелерин талкуулады

Кыргызстан жана Корея Республикасы EPS системасынын алкагында жумушка орноштуруу боюнча кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууда

2026-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Корея Республикасына жасаган расмий иш сапарынын жыйынтыгында кыргыз-корей мамилелерин мындан ары бекемдөөгө багытталган бир катар маанилүү эки тараптуу документтерге кол коюлду. Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Корея Республикасынын Эмгек жана жумуштуулук министрлиги жумуш берүүгө уруксат берүү (EPS) системасынын алкагында Кыргыз Республикасынын […]

Далее..... Кыргызстан жана Корея Республикасы EPS системасынын алкагында жумушка орноштуруу боюнча кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууда

Министр Алмаз Имангазиев жарандарды алгачкы жолу кабыл алды

Бүгүн, 18-сентябрда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коомдук кабылдамасында министр Алмаз Имангазиев жарандарды жеке кабыл алды. Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандар жөлөкпулдарды дайындоо жана алуу, майыптуулукту аныктоо, турак жай, жер жана мүлккө байланыштуу талаш-тартыштар, ошондой эле эмгек мамилелери боюнча маселелер менен кайрылышты. Министр жарандардын кайрылууларын кунт коюп карап чыгып, ар бир маселе боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр […]

Далее..... Министр Алмаз Имангазиев жарандарды алгачкы жолу кабыл алды

Инклюзивдик билим берүү – бул заман талабы жана жаңы кадамдар

  Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Германия элдик университеттеринин бирикмесинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү (DVV International) жана Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы менен өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумуна кол коюушту. Бүгүнкү күндө эмгек рыногундагы тез өзгөрүүлөр, жаңы технологиялардын киргизилиши жана глобалдык атаандаштык ар бир жарандан өз билимин жана көндүмдөрүн дайыма жаңыртып […]

Далее..... Инклюзивдик билим берүү – бул заман талабы жана жаңы кадамдар

Эмгек министрлиги жана ЕЭК эмгек миграциясы жана социалдык коргоо маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Имангазиев А.К. Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Рыскулова А.М. менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) алкагында эмгек миграциясы, эмгекчилердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык корголушу, ошондой эле Биримдикке мүчө мамлекеттердин жарандарынын укуктарын коргоо […]

Далее..... Эмгек министрлиги жана ЕЭК эмгек миграциясы жана социалдык коргоо маселелерин талкуулашты

Коррупцияга бирге каршы : сурамжылоого катышыңыз

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзам үстөмдүгү институту Кыргыз Республикасынын калкынын коррупцияга каршы маалымдуулугунун деңгээлин аныктоо максатында анонимдүү онлайн-изилдөө жүргүзүүдө. Изилдөөнүн максаты — жарандардын коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча чаралар, коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирүүнүн жолдору жана мыйзамдарда каралган жоопкерчилик тууралуу маалымдуулугунун деңгээлин аныктоо, ошондой эле калктын коррупцияга болгон […]

Далее..... Коррупцияга бирге каршы : сурамжылоого катышыңыз

Эмгек министри Алмаз Имангазиев Антье Гравеге Кыргызстан менен БУУнун кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ведомстволук медаль тапшырды

  Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Кыргызстандагы БУУнун туруктуу координатору Антье Граве менен анын төрт жылдык иштөө мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жолугушту. Жолугушуу 16-сентябрда Бишкекте өттү. Тараптар Эмгек министрлигинин Бириккен Улуттар Уюмунун системасы менен өз ара аракеттенүүсүнүн негизги багыттарын, ошондой эле калкты социалдык коргоо, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, эмгек миграциясы жана […]

Далее..... Эмгек министри Алмаз Имангазиев Антье Гравеге Кыргызстан менен БУУнун кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ведомстволук медаль тапшырды

Кыргызстанда «Улуу муундагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук көрүү» аттуу бир айлык иш-чара башталды

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Улуу муундагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук көрүү» урааны алдында өтүүчү бир айлык иш-чаранын башталгандыгын жарыялайт. Иш-чара 2026-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин өткөрүлөт. Акция Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 237 токтомунун алкагында өткөрүлүп, улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга, улуу муунга болгон урмат-сый жана камкордук салттарын бекемдөөгө, ошондой эле […]

Далее..... Кыргызстанда «Улуу муундагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук көрүү» аттуу бир айлык иш-чара башталды
Пайдалуу
Ссылкалар