Айрым кыргызстандыктар медициналык-социалдык экспертизадан онлайн өтө алышат

Кыргызстанда анатомиялык кемтиктери бар жарандар үчүн медициналык-социалдык экспертизадан аралыктан өтүү мүмкүнчүлүгү каралган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйынында билдиришти. Медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын (МСЭК) ишин реформалоонун алкагында тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилген. Мындай жарандар медициналык-социалдык эксперттик комиссияга (МСЭК) жеке барып келүүгө муктаж болбостон, онлайн форматта күбөлөндүрүүдөн өтө алышат. Эмгек министрлигинде […]

Далее..... Айрым кыргызстандыктар медициналык-социалдык экспертизадан онлайн өтө алышат

Кыргызстанда майыптыгы бар 221 миңден ашуун адам жашайт, алардын 36 миңден ашыгы — балдар

Учурда Кыргызстанда майыптыгы бар 221 миңден ашуун адам жашайт, алардын ичинде 36 миңден ашуун бала бар. Алардын үлүшү өлкөнүн жалпы калкынын болжол менен 3 пайызын түзөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйынында билдиришти. Социалдык жөлөкпул алуучулардын арасында эң чоң топту II топтогу майыптыгы бар адамдар түзөт — 29 882 адам. […]

Далее..... Кыргызстанда майыптыгы бар 221 миңден ашуун адам жашайт, алардын 36 миңден ашыгы — балдар

Кыргызстанда медициналык-социалдык экспертизадан өтүү процесси санариптештирилди

Кыргызстанда жарандарды медициналык-социалдык күбөлөндүрүүдөн Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу 27 аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) өткөрөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында министрликтин майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумова билдирди. Анын айтымында, МСЭКтер өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 185 […]

Далее..... Кыргызстанда медициналык-социалдык экспертизадан өтүү процесси санариптештирилди

Кыргызстанда балдардын майыптыгын аныктоо тартиби өзгөрдү. Кандай жаңылыктар бар?

  МСЭКтин ишин реформалоонун алкагында колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин Майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар маселелери боюнча башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумова маалымат жыйынында билдирди. Жарандарды медициналык-социалдык экспертизадан аралыктан, башкача айтканда онлайн форматта өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралган. Ошондой эле балдардын айрым категориялары үчүн майыптыкты белгилөө жана кайра күбөлөндүрүү тартиби өркүндөтүлдү. Атап […]

Далее..... Кыргызстанда балдардын майыптыгын аныктоо тартиби өзгөрдү. Кандай жаңылыктар бар?

«Балага сүйүнчү» эми «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү

2026-жылдын 14-октябры, «Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Балага сүйүнчү» мамлекеттик жөлөкпулун тариздөө боюнча электрондук кызмат ишке киргизилди. Эми ата-энелер жөлөкпул алуу үчүн арызды смартфон аркылуу берип, калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) барбастан эле кызматтан пайдалана алышат. Жаңы кызмат Социалдык камсыздоонун бирдиктүү тутумуна (СКБТ) тиешелүү модулду киргизүүнүн алкагында ишке ашырылды. Бала төрөлгөнү ЖААК (ЗАГС) органдарында катталгандан кийин ата-энелер санариптик […]

Далее..... «Балага сүйүнчү» эми «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү

Бишкекте санариптик иш менен камсыз болуу боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары Бишкекте талкууланды

2026-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан «Кыргыз Республикасында санариптик иш менен камсыз болуунун жаңы формалары жана санариптик кесиптер: учурдагы кырдаалды талдоо жана формалдаштыруу жана жөнгө салуу маселелери боюнча сунуштар» аттуу изилдөөнүн жыйынтыктарын талкуулоого арналган тегерек стол өткөрүлдү. Изилдөө Борбордук Азия университетинин командасы тарабынан министрлик менен «Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү» […]

Далее..... Бишкекте санариптик иш менен камсыз болуу боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары Бишкекте талкууланды

Эмгек министри Алмаз Имангазиев узак өмүр сүргөн апаларды куттуктады

Улгайган адамдардын айлыгынын алкагында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев 104 жашка чыккан Амина Халикова жана 100 жылдык мааракесин белгилеген София Жаилова апалардан кабар алды. Жолугушуулардын жүрүшүндө министр узак өмүр сүргөн энелер менен баарлашып, аларга көңүл буруп, камкордук көрсөттү. Ошондой эле чың ден соолук, жан дүйнө тынчтыгын, жылуулукту жана бакубат жашоону каалады. Урмат-сыйдын […]

Далее..... Эмгек министри Алмаз Имангазиев узак өмүр сүргөн апаларды куттуктады

Аида Исатбек кызы Чүй облусундагы балдар мекемелерине жеринде барып текшерүү жүргүзүлдү

  2026-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызынын төрагалыгы алдында комиссия тарабынан Чүй облусундагы турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга кызмат көрсөтүүчү интернат тибиндеги эки мекемеге жеринде барып текшерүү жүргүзүлдү. Иш сапардын алкагында комиссиянын мүчөлөрү Красноречка атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектеби жана  К. Тилебаев атындагы Панфилов […]

Далее..... Аида Исатбек кызы Чүй облусундагы балдар мекемелерине жеринде барып текшерүү жүргүзүлдү

Министр Алмаз Имангазиев жарандарды жеке кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев министрликтин коомдук кабылдамасында жарандарды жеке кабыл алды. Кабыл алууда жарандардын социалдык коргоо, жөлөкпулдарды дайындоо, гуманитардык жардам көрсөтүү жана социалдык колдоо маселелери боюнча кайрылуулары каралды. Тактап айтканда, жарандардын социалдык жардам алуу, улгайган жарандарды колдоо, социалдык төлөмдөрдү жана жөлөкпулдарды алуу, жеке ассистенттин иши жана медициналык-социалдык эксперттик комиссиядан […]

Далее..... Министр Алмаз Имангазиев жарандарды жеке кабыл алды

Эмгек акы боюнча карызды өндүрүү маселеси сотко чейинки тартипте жөнгө салынды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө Кыргыз Республикасынын 10 жаранынан «УМК» ЖЧКсы тарабынан эмгек акынын төлөнбөй жаткандыгы боюнча жамааттык кайрылуу келип түшкөн. Жарандардын эмгек укуктарын коргоо максатында Өкүлчүлүк тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп, түзүлгөн кырдаалды сотко чейинки тартипте жөнгө салуу боюнча иш берүүчү менен сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жана жетишилген макулдашуулардын […]

Далее..... Эмгек акы боюнча карызды өндүрүү маселеси сотко чейинки тартипте жөнгө салынды
Пайдалуу
Ссылкалар