Кыргызстандагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү: натыйжалары жана келечеги
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарын колдоо чаралары боюнча кеңири баяндама жасады. «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мындай үй-бүлөлөрдөгү 16 жашка чейинки балдарга аймактык коэффициенттерди эске алуу менен ай сайын 1200 сом өлчөмүндө «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу дайындалат. 2025-жылдын 1-июлуна карата 54,4 […]













