Эмгек министрлиги: Кыргызстанда төрөт боюнча жөлөкпул көбөйөт

Жаңы жылдан тарта кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул көбөйөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева “Коопсуз энелик” пресс-кафесинде билдирди. Анын айтымында, жөлөк пул иштеген аялдарга төлөнөт. Май айынын башында алгандардын саны 13 миң адамдан ашты. Орточо жөлөк пул 16 миң сомдон жогору. «2024-жылдын 1-январынан тарта республикалык бюджеттен төлөнүүчү […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Кыргызстанда төрөт боюнча жөлөкпул көбөйөт

Министр Кудайберген Базарбаев “Келечек”реабилитациялык борборун пландан тышкары текшерди

 16-май күнү, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “Келечек”балдар реабилитациялык борборуна пландан тышкары барды. Аталган борбор КР Президенти С.Н.Жапаровдун катышуусунда 2022-жылдын декабрь айында ачылган. Ал 100 орунга эсептелген, бул стационар режиминде реабилитациялык кызматтарды алган (региондордон келген балдар) жана күндүз болуу режиминде алган майыптыгы бар балдар үчүн. Борбор таяныч-кыймыл аппаратынын жана неврологиялык бузулуулары бар […]

Далее..... Министр Кудайберген Базарбаев “Келечек”реабилитациялык борборун пландан тышкары текшерди

Эмгек министрлиги: “Жумушсуздардын саны 2,5% кыскарды”

2023-жылдын төрт айынын жыйынтыгы боюнча республикада иш менен камсыз болгондордун саны 2537,9 миң адамды, ал эми жумушсуздардын саны 142,6 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Ошол эле учурда 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча катталган жумушсуздардын саны 2,5%га, ал эми жалпы жумушсуздуктун деңгээли 0,5%га кыскарган. Министрликтен белгиленгендей, буга калкты иш менен камсыз […]

Далее..... Эмгек министрлиги: “Жумушсуздардын саны 2,5% кыскарды”

Эмгек министрлиги ишембиликке катышты

Бүгүн, 13- май 2023- жылы, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүмдөрдүн кызматкерлери Э.Гареев атындагы ботаникалык багында бөлүнгөн участоктор боюнча, арыктарды тазалоо жана көчөттөрдү иретке келтирүү, айлананы тазалоо, арыктын жегиндеги бадалдарды кыркып тазалоо иштерин жүргүздү. Бул иш-чара социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, жашылдандыруу, парктын аймагын көрктөндүрүү максатында өткөрүлүп келет.

Далее..... Эмгек министрлиги ишембиликке катышты

Эмгек, социалдык камыздоо жана миграция министрлиги Орусиядагы эмгек мигранттарынын төлөнбөгөн 8,5 миллион сомун кайтарып берди

Министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү 2022- жылдын күз айынан тарта миграция маселелери жана жарандарга мыйзамдуу ишке орношууга көмөк көрсөтүү боюнча иш алып барууда. Өкүлчүлүк Орусиядагы иш берүүчүлөр менен байланыш түзүү, кыргыз жарандарына жумуш табуу жана ишке орноштуруу, келишим түзүүгө жардам берет. Ал жерден эмгек миграциясы, ошондой эле Орус Федерациясынын миграция жана эмгек мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү боюнча кеңештерди […]

Далее..... Эмгек, социалдык камыздоо жана миграция министрлиги Орусиядагы эмгек мигранттарынын төлөнбөгөн 8,5 миллион сомун кайтарып берди

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы башка өлкөлөргө социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн социалдык келишим долбоорун колдонууну сунуштады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАП) 2022-жылы социалдык келишим долбоорун жакырчылыктан чыгуунун эң эффективдүү моделдеринин бири катары таанып, бул моделди башка өлкөлөргө социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонууну сунуштады. Министрлик белгилегендей, КР Президенти Садыр Жапаровдун бул демилгеси үй-бүлөлөрдү ишкерликке тартуу аркылуу оор турмуштук кырдаалдан чыгарууга багытталган. […]

Далее..... БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы башка өлкөлөргө социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн социалдык келишим долбоорун колдонууну сунуштады

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын май айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 1 –  8 – майына чейин 1412 телефондон кайрылуу (бир суткада 201 чалуу) түшкөн. Анын ичинен 28 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын  3 же 10,7%  жаш балдар, ал эми 25 же 89,3 % чоң кишилер), 21 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар […]

Далее..... «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын май айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

Канча үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен төлөп жатканы белгилүү болду

КР Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 2022-жылдын январь айынан тарта 16 жашка чейинки балдары бар “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн ай сайын 700 кВт саатка чейин электр энергия тарифи 50 тыйынга төмөндөдү. Мындай чара аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүүнүн алкагында кабыл алынган. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция […]

Далее..... Канча үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен төлөп жатканы белгилүү болду

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын төрт айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын төрт (январь –апрель) айында 23957 телефондон кайрылуу (бир суткада 200 чалуу) түшкөн. Анын ичинен 730 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 206 же 28,2% жаш балдар, ал эми 524 же 71,8% чоң кишилер), 546 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 102 абонентке […]

Далее..... «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын төрт айынын иши тууралуу маалымат

Эмгек жана социалдык камсыздоо министри Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевди жана Ленинград блокадачысы Валентина Петкявиченаны Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады. “Жеңиш күнү баарыбыз үчүн өзгөчө майрам. Ал кайгы менен кубанычтын көз жашын, жоготуунун азабын жана улуу курмандыкты бириктирет. “Жеңиш” деген кыска, бирок кыска сөздүн артында миллиондогон Советтик жоокерлердин […]

Далее..... Эмгек жана социалдык камсыздоо министри Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады
Пайдалуу
Ссылкалар