Эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотова Сочиде өткөн Бүткүл россиялык эмгек жумалыгында Кыргызстандагы эмгек рыногун санариптештирүү тууралуу айтып берди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Сочиде өткөн Бүткүл россиялык эмгек жумалыгынын алкагында Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан эмгек рыногун санариптештирүү процесстери тууралуу маалымат берди. “Мамлекеттик ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүн, анын ичинде социалдык тармактарды активдүү санариптештирүү” – мындай милдетти Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан коюлган. Ал эми бүгүн биз санариптик экосистеманы түздүк, ал […]