2023-жылы протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого жана оңдоого каржылоо 30% га көбөйтүлдү
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кыргызстанда өтүп жаткан “протездик-ортопедиялык тармак үчүн заманбап чечимдер жана технологиялар” эл аралык конференциясында билдирди. Конференция Эмгек министрлигинин алдындагы Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси тарабынан “МЕТИЗ өндүрүш” ЖЧКнын колдоосу менен уюштурулуп, 15 өлкөдөн: Германия, Россия, Түштүк Корея, Түштүк Африка Республикасы, Италия ж. б. протездик-ортопедиялык тармактын өкүлдөрүн чогултту. […]













