Кыргызстандын эң чоң районунда 100 миң сомго сертификаттар тапшырылды
Ош облусунун Кара-Суу районунда Эмгек министрлигинин “социалдык контракт”долбоорунун алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомго сертификаттар тапшырылды. Иш-чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары Жылдыз Полотова, Жогорку Кеңештин депутаттары Данияр Төлөнов жана Алишер Козуев, жергиликтүү бийлик органдарынын жана мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышышты. “Бүгүн биз 300 сертификат тапшырдык, дагы 300 үй-бүлөнyн […]














