Эмгек министри Кудайберген Базарбаев Ноокен районунун Шалка айылында жаңы мектепти ачты
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Шалка айылынын мугалимдерин, окуучуларды жана ата-энелерди жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады. Майрамдык иш-чаранын башталышында министр Кудайберген Базарбаевге, КР ЖК депутаты Мейкинбек Абдалиевге жана мектептин директору мектептин ачкычын тапшырышты. «Биринчи мектеп Шалка айылында 1936-жылы курулуп, көп жылдар бою Улуу Ата Мекендик согуштун баатырынын ысымын […]




















