Кыргызстандыктар Японияда “белгилүү көндүмдөрү бар кызматкер” статусу менен иштей алышат
Тиешелүү меморандумга Япониянын Юстиция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо, эмгек, бакубатчылык министрлиги, Япониянын Улуттук полиция агенттиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен кол коюлду. Документ “белгилүү көндүмдөргө ээ кызматкер” статусу менен чет элдик эмгек ресурстарына тиешелүү системанын талаптагыдай иштешин аныктайт. Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын жарандары «техникалык стажер» категориясында гана иштей алышкан. […]













