Эмгек министрлиги «Социалдык контракт» программасынын жаңы этабын — ишкерлер менен биргеликте жумуш орундарын түзүүнү баштайт

  Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жеке ишкерлердин «Социалдык контракт» программасын ишке ашырууга катышуусу боюнча пилоттук долбоорду баштайт. Пилоттук долбоордун максаттары — чакан ишкердиктин өнүгүшүнө көмөктөшүү жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө түрткү берүү. Бул — жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарындагы жумушсуз жарандарды расмий жумушка орноштурууга багытталган «Социалдык контракт» программасын өнүктүрүүнүн […]

Далее..... Эмгек министрлиги «Социалдык контракт» программасынын жаңы этабын — ишкерлер менен биргеликте жумуш орундарын түзүүнү баштайт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги ардагерлерди куттуктады

Бишкек шаарында Улгайган адамдардын айлыгына карата жана социалдык коргоо системасында эмгектенген ардагерлерди урматтоо максатында иш-чара өткөрүлдү. Ведомствонун жетекчиси Алмаз Имангазиев ардагерлерди майрамы менен куттуктап, алардын көп жылдык ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү, өлкөнүн социалдык коргоо системасынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ыраазычылык иретинде бир катар ардагерлерге ведомстволук сыйлыктар жана ыраазычылык каттары […]

Далее..... Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги ардагерлерди куттуктады

2026-жылы 10 597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү, арыздарды кабыл алуу уланууда

2026-жылы «Социалдык контракт» программасынын алкагында 13 334 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү пландалган. Бүгүнкү күнгө карата 10 597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү. Учурда программага катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу уланууда. Жылдын аягына чейин дагы 2 737 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү пландалууда. Программага катышууну […]

Далее..... 2026-жылы 10 597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү, арыздарды кабыл алуу уланууда

Социалдык контракттын алкагында ишкерлик баштаган 31 адамдын жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашты

  2022-жылдан бери «Социалдык контракт» программасынын алкагында 59 миңден ашык аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү. Алардын ичинен 31 катышуучунун жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашты. «Социалдык контракт» программасы жарандардын ишкердик демилгелерин колдоого, киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана үй-бүлөлөрдүн экономикалык абалын жакшыртууга багытталган. 2022-жылдан тартып 2026-жылдын 1-октябрына карата программанын алкагында жалпы […]

Далее..... Социалдык контракттын алкагында ишкерлик баштаган 31 адамдын жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашты

«Балага сүйүнчү»: мобилдик сервисти ишке киргизүүнүн биринчи күнүндө 1 029 арыз түштү

  «Түндүк» мобилдик тиркемесинде жана «Балага сүйүнчү» жөлөкпулун тариздөө модулунда кызмат көрсөтүү ишке киргизилген биринчи күнү жарандар арыздарды электрондук форматта берүү мүмкүнчүлүгүн активдүү пайдалана башташты. Биринчи күндүн жыйынтыгы боюнча «Балага сүйүнчү» жөлөкпулун алууга 1 029 арыз түштү. Алардын ичинен: 584 арыз (56,8%) «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу берилген; 445 арыз (43,2%) Калкты тейлөө борборлору (КТБ) жана […]

Далее..... «Балага сүйүнчү»: мобилдик сервисти ишке киргизүүнүн биринчи күнүндө 1 029 арыз түштү

Кыргыз Республикасы менен Хорватия Республикасы эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты

   2026-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары А.К. Алиасовдун Кыргыз Республикасындагы Хорватия Республикасынын Элчиси Рефик Шабанович менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын жарандарын Хорватияда ишке орноштуруу, эки өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдарынын, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин жана иш берүүчүлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулашты. […]

Далее..... Кыргыз Республикасы менен Хорватия Республикасы эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты

Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо системасын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык тренинг өттү

  2026-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо системасын өркүндөтүү: ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана “бирдиктүү терезе” принциби” темасында ведомстволор аралык тренинг-семинар өттү. Иш-чара үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, зомбулук учурларын аныктоо жана жабыркаган адамдарга өз убагында жардам көрсөтүү багытында иш алып барган адистердин практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу максатында уюштурулду. Тренингге жергиликтүү өз алдынча […]

Далее..... Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо системасын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык тренинг өттү

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2026 – жылдын 9 айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2026 – жылдын 9 айында 56771 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 207, бир айда 6307 чалуу) түшкөн. 6806 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (1404 же 20,6% жаш балдар, ал эми 5402 же 79,4% чоң кишилер), анын ичинен 5910 кайрылууга телефон аркылуу консультациялар менен сунуштар берилип, […]

Далее..... «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2026 – жылдын 9 айындагы иши тууралуу маалымат

Министрдин биринчи орун басары Бангладеш республикасынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Арлен Алиясов Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары  Асад Алам Сиам мырза жетектеген Бангладеш Эл Республикасынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек, калкты иш менен камсыз кылуу, социалдык коргоо жана эмгек миграциясы чөйрөлөрүндө эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл […]

Далее..... Министрдин биринчи орун басары Бангладеш республикасынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү

Даун синдрому бар балдарга майыптык 18 жашка чейин кайрадан күбөлөндүрүүсүз белгиленет

  Кыргызстанда медициналык-социалдык экспертизадан (МСЭК) биринчи жолу өткөн Даун синдрому бар балдарга майыптык категориясы 18 жашка толгонго чейин кайрадан күбөлөндүрүү мөөнөтү көрсөтүлбөстөн белгиленет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйынында билдиришти. Өзгөртүүлөр аутизм спектринин бузулуулары бар балдарга да тиешелүү болду. Аутизм спектринин жеңил даражасында майыптык беш жылдык мөөнөткө белгиленет. Ал эми […]

Далее..... Даун синдрому бар балдарга майыптык 18 жашка чейин кайрадан күбөлөндүрүүсүз белгиленет
Пайдалуу
Ссылкалар