Урматтуу мекендештер!

 Сиздерди  9-Май  Улуу Жеңиш күнү менен куттуктайм!

9-Май – Ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин даңазалаган, тынчтыкта жашоону, жакшы ниетти жана  гуманизм идеяларын  жар салган майрам. Аталарыбыздын чыныгы эрдиги, нукура каармандыгы биздин жүрөгүбүздө жашап келет жана сезимибизде түбөлүк сакталат. Алардын улуу эрдиктери  менен сыймыктануу, элесине таазим этүү жана урмат көрсөтүү муундан муунга өтүп урпактарга жетет. Даңктуу тарыхыбыздын майрамын элибиз дайыма тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары белгилеп келишет.

Жергебизде тынчтык, мамлекетибизде өнүп-өсүү, элибизде ынтымак-ырыскы болушуна тилектешмин.

Улуу Жеңиш күнү куттуу болсун!

Урматтоо менен, Гүлнара Баатырова.

Денежные средства поступившие от спонсоров

Денежные компенсации
Уй булого комок
Ежемесячное социальное пособия
Оба родителя которых неизвестны
Пайдалуу
Ссылкалар