Эмгек министри: 4 миңге жакын кары-картаңдар үйүндө тейленет

Бүгүн, 29-сентябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Карылардын эл аралык күнүнө карата жыл сайын өтүүчү “Жүрөктөн жүрөккө” кайрымдуулук көргөзмө-жарманкесине катышты. Иш-чара ” AgeNet International ” эл аралык геронтологиялык тармагы тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борбору […]

Далее..... Эмгек министри: 4 миңге жакын кары-картаңдар үйүндө тейленет

КМШ өлкөлөрү миграция маселесин талкуулашты

2023-жылдын 28-29-сентябрында Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Миграция органдарынын башчыларынын Кеңешинин жыйырма жетинчи жыйыны болуп өттү. Жыйынга миграция органдарынын Кыргыз Республикасынын, Азербайжандын, Армениянын, Россиянын, Беларустун, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жетекчилери катышты. Кыргызстандын делегациясын КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев жетектеди. Н.Базарбаев өз сөзүндө миграция […]

Далее..... КМШ өлкөлөрү миграция маселесин талкуулашты

Эмгек министри Каракол шаарындагы “Социалдык келишим” долбооруна катышкан үй-бүлөлөрдү кыдырды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Каракол шаарындагы “Социалдык келишим” долбоорунун ишке ашырылышына көмөк көрсөтүп, мамлекеттен каражат алган беш үй-бүлөгө барды. “Бардык үй-бүлөлөр иштеп, киреше таап эле тим болбостон, бизнести өнүктүрүүнү да пландап жатышат. Бул “Социалдык келишим” долбоорунун натыйжалуулугунун абдан маанилүү көрсөткүчү. Мисалы, Элиза Эстебесова алгач 100 миң сомго ири мүйүздүү мал сатып […]

Далее..... Эмгек министри Каракол шаарындагы “Социалдык келишим” долбооруна катышкан үй-бүлөлөрдү кыдырды

Эмгек министри Гүлнара Баатырова интернаттардын кышка даярдыгын текшерүүдө

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова өлкөнүн социалдык мекемелеринин кышка даярдыгы боюнча текшерүүнү баштады. Анын айтымында, социалдык мекемелерде 2 338 адам бар. “Биздин кызмат алуучулар жалгыз бой улгайган жарандар жана жалгыз бой жубайлар, чоңдор жана нейропсихиатриялык диагнозу бар балдар. Биздин милдет – аларга жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Өткөн жылы Президенттин Жарлыгы менен […]

Далее..... Эмгек министри Гүлнара Баатырова интернаттардын кышка даярдыгын текшерүүдө

Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси жылытуу мезгилине карата даярдыгы

Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси жылытуу мезгилине карата даярдыгы тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатыровага маалымат берди. Интернатка баруу министрдин социалдык мекемелер боюнча кышка даярдыгын текшерүү учурунда болду. Гүлнара Баатырова жамаат жана кызмат алуучулар менен жолугушуп, жашоо шарты, тамак-аштын даярдалышы, дары-дармектердин жетиштүүлүгү менен таанышты. Министрге жылытуу тутумунун функционалдуулугу, тамак-аш азыктарынын запасы, жылуу […]

Далее..... Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси жылытуу мезгилине карата даярдыгы

Гүлнара Баатырова Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемедеги жылытуу мезгилине даярдыкты көзөмөлдөдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемедеги жылытуу мезгилине даярдыкты көзөмөлдөдү Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин башчысы психоневрологиялык диагнозу бар 18 жаштан жогорку курактагы 250 кызмат алуучулардын жашоо шарттарын, мекеменин кышка даярдыгын жана азык-түлүк запастарын карап чыкты. Интернат электр энергиясы менен жылытылат, генератору бар экени айтылды. Ошондой эле […]

Далее..... Гүлнара Баатырова Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемедеги жылытуу мезгилине даярдыкты көзөмөлдөдү

Эмгек министри Г.Баатырова Токмок 1 социалдык станционардык мекемесинин күз-кышка даярдыгын текшерип таанышты

26-сентябрь күнү,  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри.Г. Баатырова Чүй районунун Искра айылында жайгашкан Токмок 1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин жашоо шарттары менен таанышты. 300 орунга эсептелген мекемеде учурда 286 мүмкүнчүлүгү чектелген социалдык кызматтарды алуучулар жашайт. Министр уктоочу корпусту, ашкананы, кампа жайларын, жашылча сактоочу жайды карап чыкты. Кампалар көмүр менен камсыздалып, жылытуу казандары оңдолуп, кыш […]

Далее..... Эмгек министри Г.Баатырова Токмок 1 социалдык станционардык мекемесинин күз-кышка даярдыгын текшерип таанышты

Эмгек министрлиги: Тавалдиевге компенсация 2023-жылдын 1-январынан тарта төлөнүп келет

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Ш.К. Тавалдиевдин маселеси боюнча төмөнкүлөрдү билдирет. Сузак райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын маалыматы боюнча Ш.К. Тавалдиев Советтик Армиянын майыбы болуп саналат жана ай сайын 7000 сом өлчөмүндө акчалай компенсация алып келген. Жаран Ш.К. Тавалдиевге ай сайын акчалай компенсация төлөө 2021-жылдын 21-июлунан тартып үч айлык мөөнөткө […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Тавалдиевге компенсация 2023-жылдын 1-январынан тарта төлөнүп келет

Бишкекте активдүү узак жашоо саясаты талкууланды

Бүгүн, 25-сентябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева «Азыркы Кыргызстандагы улгайган адамдардын ролуна көз караштардын трансформациясы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Иш-чаранын максаты – Кыргызстандын социалдык чөйрөсүндө кадрларды даярдоо процессинде дүйнө таанымды жана карылыкка карата оң мамилени, активдүү жана сергек карылык маданиятын калыптандырууда заманбап илимдин ролун күчөтүү болуп саналат. Конференцияга […]

Далее..... Бишкекте активдүү узак жашоо саясаты талкууланды

Эмгек министри “Социалдык келишим” боюнча жардам алган үй-бүлөлөргө барды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Ысык-Ата районундагы 2023-жылы мамлекет менен  социалдык келишимге кол койгон аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө барды. Алардын бири-экинчи топтогу майыптыгы бар Алмагул Жантемированын үй-бүлөсү. Ал 15 жаштагы кызын жалгыз тарбиялап келет. Мамлекеттен алган 100 миң сомго кулпунайдын үч түрүн өстүрүү менен алектенет. Биринчи түшүмүнөн 50 миң сом киреше тапкан. […]

Далее..... Эмгек министри “Социалдык келишим” боюнча жардам алган үй-бүлөлөргө барды
Пайдалуу
Ссылкалар