Мыйзамдардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү

2023-жылдын, 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Ү. Жапаровдун 2023-жылдын 8-сентябрында кабыл алынган №465 буйругун кынтыксыз аткаруу боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү. Кеңешменин жүрүшүндө министрдин орун басары Ж.И. Алыбаева Министрлер Кабинетинин Төрагасынын бул буйругун ишке ашыруу боюнча түшүндүрмө берди. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин алдына бардык мыйзамдарды жана жогору […]

Далее..... Мыйзамдардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү

Эмгек министрлиги Яндекс Gо менен биргеликте ДМЧ балдарды акысыз ташуу программасын ишке ашырууда

Бүгүн, 20 – сентябрда, Яндекс Go Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте төрт кайрымдуулук уюмунун камкордугундагы майып балдар үчүн акысыз ташууларды жарыялады. Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин эмгек чечимдерин даярдоо жана активдүү чараларды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бермет Карабаеванын айтымында, бул программа Кыргызстанда ДМЧ балдарга жардам берүү үчүн ишке ашырылып жаткан бир катар Инклюзивдик […]

Далее..... Эмгек министрлиги Яндекс Gо менен биргеликте ДМЧ балдарды акысыз ташуу программасын ишке ашырууда

Министр Гүлнара Баатырова майып балдарды социалдык жактан камсыздоого токтолду

Бүгүн, 19-сентябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды социалдык жактан камсыздоо жаатындагы абал тууралуу маалымат берди. Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңештин жыйынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ачты. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырованын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө 211 миң майып адам жашайт, […]

Далее..... Министр Гүлнара Баатырова майып балдарды социалдык жактан камсыздоого токтолду

Базарбаев Нурдөөлөт Сатыбекович Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Базарбаев Нурдөөлөт Сатыбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Далее..... Базарбаев Нурдөөлөт Сатыбекович Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында майып балдардын 540 ата-энеси окутулат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева  “Ата-энелерди агартуу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерин реабилитациялоонун негиздерине окутуу” долбоорунун ачылышына катышты. Долбоорду “Бирге ден соолукка” коомдук фонду жана И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университети ишке ашырууда. Долбоордун алкагында 540 ата-энеге майыптыгы бар балдарды социалдаштыруу көндүмдөрүнө окутуу пландаштырылууда. Республиканын бардык аймактарынан келген ата-энелер Эне […]

Далее..... Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында майып балдардын 540 ата-энеси окутулат

Эмгек министрлигинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты

Бүгүн, 16-сентябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Бишкек шаарындагы булганган аймактарды таштандыдан тазалоо боюнча жалпы республикалык ишембиликке катышты. Э.Гареев атындагы сейил багында атайын бөлүнгөн жерде таштандыларды жана ирригациялык тармактарды тазалоо боюнча ишембилик өткөрүлдү. Тазалык күнүн колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жамааты Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бактын тротуарларын, газондорун […]

Далее..... Эмгек министрлигинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты

Эмгек министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев корей тилин акысыз үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев “Седжон” фондунун (Корея Республикасы) делегациясы менен мындан ары Кореяда ишке орношуу үчүн кыргызстандыктарга корей тилин акысыз үйрөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Министрдин орун басарынын айтымында, ведомство чет өлкөдө ийгиликтүү ишке орношуу үчүн шарттарды түзүү боюнча жигердүү иш алып барууда. “Корея Республикасына жумушчу күчүн жөнөтүү жана кабыл алуу […]

Далее..... Эмгек министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев корей тилин акысыз үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады

Финансылык сабаттуулук – коомдун бакубаттуулугунун ачкычтарынын бири

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова финансылык сабаттуулук боюнча окутуунун жүрүшүндө, бүгүнкү күндө ар бирибиздин жашообузда жана коомдун бакубаттуулугун жогорулатууда финансылык сабаттуулуктун ролу тууралуу айтып берди. Окутуу финансылык жеткиликтүүлүктүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында КР Улуттук банкы менен биргеликте уюштурулган. Министрдин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, министрликте финансылык сабаттуулук […]

Далее..... Финансылык сабаттуулук – коомдун бакубаттуулугунун ачкычтарынын бири

Эмгек министрлиги коррупциялык схемаларды аныктоодо кантип кызматташат

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык борбордук аппараттын, ошондой эле ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин арасында коррупциянын алдын алуу боюнча туруктуу иш жүргүзөт. Министрлик бүтүндөй системаны санариптик трансформациялоо аркылуу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын натыйжалуулугун, даректүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзүп келет. Социалдык жардамдын корпоративдик […]

Далее..... Эмгек министрлиги коррупциялык схемаларды аныктоодо кантип кызматташат

Эмгек министрлиги: бүгүнкү күндө үй-бүлө экономикасын калыптандырууда аялдар алдыда

Мындай жыйынтык “социалдык келишим” долбоорунун алдын ала жыйынтыктарына жүргүзүлгөн мониторингде камтылганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Мониторингдин маалыматтары боюнча “социалдык контракт” долбоорунун 10 миң катышуучусунун 95,6% аялдар түзөт. Ошол эле учурда Ош облусунда аялдардын катышуусу жалпы катышуучулардын 99,4% түзөт. Алардын ичинен 7,5 миңден ашууну Айыл чарба тармагындагы долбоорлорду ишке ашырышат, 1,3 миңден ашууну […]

Далее..... Эмгек министрлиги: бүгүнкү күндө үй-бүлө экономикасын калыптандырууда аялдар алдыда
Пайдалуу
Ссылкалар