Эмгек министрлигинин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору чет элдик компаниянын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн аныктады
2024-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын жарандарын Словакия Республикасына тиешелүү уруксат кагазы жок жеке агенттиктин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө жетекчилери Словакия Республикасынын жана Казакстан […]




















