Эмгек министрлигинде “Улут болсом-тилим менен улутмун” иш-чарасы өттү
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде мамлекеттик тил күнүнө арналган үч айлык акциясын өткөрүү алкагында “Улут болсом-тилим менен улутмун”-аттуу иш чара өткөрүлдү. Аталган майрамдык кечеде министр Гүлнара Баатырова куттуктоо сөзүн кыргыз тилине арналган ыр саптары менен баштады. Манас деп ураан чакырылып, акыйнек, жанылмач айтылып, элдик термелер жаңырды. Обондуу ырлар катышуучуларды шаңга бөлөп майрамдык маанай тартууланды. […]




















