Эмгек министри Гүлнара Баатырова жаңы үй-бүлө кодекси тууралуу айтып берди
Бүгүн, 27-мартта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Улуттук Илимдер Академиясында өткөн тегерек столдо сөз сүйлөп, үй-бүлө кодексинин жаңы редакциясынын долбоору тууралуу маалымат берди. Бул редакция Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк мыйзамдарын жакшыртуу максатында иштелип чыккан, бул министрдин айтымында, учурдун маанилүү талабы болуп саналат. «Үй-бүлө мыйзамдарын өркүндөтүү зарылчылыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген […]