ДМЧ балдарды социалдаштыруунун өзгөчөлүктөрү

15 –октябрь күнү Ош облусттук администрациянын жыйындар залында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды социализациялоо жана адаптациялоо” темасындагы семинарына катышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн министрдин орун басары Кыргыз Республикасы социалдык саясат артыкчылыктуу орунду ээлеген мамлекет жана бул БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын ратификациясы менен тастыкталганын баса белгиледи. […]

Далее..... ДМЧ балдарды социалдаштыруунун өзгөчөлүктөрү

Эмгек министринин орун басары Вена шаарында миграция маселелери боюнча конференцияга катышты

2023- жылдын 10-11-октябрында Вена шаарында (Австрия) миграция маселелери боюнча эл аралык конференция болуп өттү. Кыргызстандын делегациясын Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Н.С.Базарбаев жетектеди. Конференциянын ишине 250 мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана миграция маселелери боюнча эксперттер катышышты. Эки күндүк талкуулардын ичинде миграциялык саясаттын актуалдуу маселелери жана негизги тенденциялары, […]

Далее..... Эмгек министринин орун басары Вена шаарында миграция маселелери боюнча конференцияга катышты

Эмгек министрлиги Япония менен кызматташуу мүмкүндүгүн талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Нагаока шаарынын мэри Исода Тацунобу жетектеген Япониянын делегациялары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандарды ишке орноштуруу жана иш менен камсыз кылуу, миграция, калктын аярлуу катмары, анын ичинде майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар үчүн социалдык кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча тажрыйба алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. […]

Далее..... Эмгек министрлиги Япония менен кызматташуу мүмкүндүгүн талкуулады

“Лидер аялдарды тандоо, илгерелетүү жана колдоо” боюнча ведомство аралык жумушчу топтун кезектеги жыйыны

Бүгүн, 2023-жылдын 10-октябрында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен “Лидер аялдарды тандоо, илгерилетүү жана колдоо” түзүлгөн, ведомство аралык жумушчу топтун кезектеги жыйынын КР-нын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсаловдун катышуусу менен өткөрдү. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйынына мамлекеттик аткаруу бийлигинин жана муниципалдык мамлекеттик органдардын, граждандык сектордун өкүлдөрү катышты. […]

Далее..... “Лидер аялдарды тандоо, илгерелетүү жана колдоо” боюнча ведомство аралык жумушчу топтун кезектеги жыйыны

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын октябрь айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 1 – 8 октябрына чейин 1756 телефондон кайрылуу (бир суткада 250 чалуу) түшкөн. Анын ичинен 51 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 13 же 25,5%  жаш балдар, ал эми 38 же 74,5 % чоң кишилер), 41 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, […]

Далее..... «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын октябрь айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

Эмгек министрлигинин башчысы Гүлнара Баатырова менен БУУнун КР Туруктуу координатору Антье Граве гендердик теңчилик маселесин талкуулашты

2023-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова менен БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Гравенин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Гүлнара Баатырова ведомствонун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, БУУнун өкүлүнүн кесипкөйлүгү жана тажрыйбасы эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө терең өз ара аракеттенүүнү улантууга өбөлгө болот деген ишенимин билдирди. Өз кезегинде Антье […]

Далее..... Эмгек министрлигинин башчысы Гүлнара Баатырова менен БУУнун КР Туруктуу координатору Антье Граве гендердик теңчилик маселесин талкуулашты

Ноябрь айында кыргызстандыктар үчүн узак дем алыш күндөрү болот

  Ноябрь айында кыргызстандыктар беш күн катары менен эс ала турганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет. 7 жана 8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү быйыл шейшемби жана шаршембиге туура келет. Буга чейин Министрлер Кабинети 6-ноябрды (дүйшөмбү) 11-ноябрга (ишембиге) жылдырууну бекиткен. Ошентип кыргызстандыктар 4-8-ноябрга чейин эс алып, 11-ноябрда иштешет.

Далее..... Ноябрь айында кыргызстандыктар үчүн узак дем алыш күндөрү болот

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын 9 айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын 9 айынын иши тууралуу маалымат Борбордун психолог – кызматкерлери:  – телефон аркылуу күнү – түнү  кызмат көрсөтөт (24 саат бою, бир сменде 2 психолог иштейт); – чалууларды кабыл алышат, угат жана абоненттерге консультация берет, максаттуу чалууларды (консультация алуу же жардам берүү жөнүндө) эсепке алышат жана журналга катташат, […]

Далее..... «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын 9 айынын иши тууралуу маалымат

Эмгек министрлиги: Москвада 6-кабаттан кулаган кыргызстандык кыз үйүнө акысыз жеткирилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашкандай, Болотбек кызы Мээрим Бишкекке 9-октябрда келди. Акысыз үч орунду “Аэрономад” авиакомпаниясы камсыз кылды. Ал 14-сентябрда көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан кулап, оор жаракат менен тез жардам кызматы менен Демиховдун клиникалык ооруканасына жеткирилген. Кулап түшкөндүгүнүн себеби жөнүндө азырынча эч нерсе белгисиз. Болотбек кызы Мээрим 14-29-сентябрда биринчи кезектеги дарылануусун алып, шашылыш […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Москвада 6-кабаттан кулаган кыргызстандык кыз үйүнө акысыз жеткирилди

Эмгек министрлиги ДМЧА иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча жаңы активдүү чараны пилоттук түрдө өткөрүүнүн жыйынтыгын чыгарды

5-6-октябрда Балыкчы шаарында Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн консультанттары жана кызматкерлери үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштурууга көмөктөшүү боюнча жаңы активдүү иш-чараны пилоттук түрдө өткөрүү боюнча тренинг өткөрүлдү. Балыкчы шаарынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмү пилоттук 7 райондун бири. Тренингди Эмгек министрлигинин кызматкерлери «Теңдик» майыптар союзу менен биргеликте GIZ (Германиянын Эл аралык […]

Далее..... Эмгек министрлиги ДМЧА иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча жаңы активдүү чараны пилоттук түрдө өткөрүүнүн жыйынтыгын чыгарды
Пайдалуу
Ссылкалар