Түп районунда “Социалдык контракт” долбоору 1,1 миңден ашуун адамдын жашоосун жакшыртууга мүмкүндүк берди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Түп районундагы “Социалдык контракт” долбооруна катышкан үй-бүлөлөргө барды. «Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруунун мисалы катары Тумара Калыбаеванын үй-бүлөсү жана анын алты баласы саналат, кулпунай өстүрүү менен сезондо 150 миң сом киреше табышкан. Үч баланын энеси, өзү мүмкүнчүлүгү чектелген Гүлзат Дастанова мамлекеттин жардамы менен сулуулук салонун ачкан. Бүгүнкү күндө […]