Эмгек министрлиги: иштеп жаткан жарандар үчүн убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун өлчөмү эки эсе көбөйтүлдү
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен иштеген жарандарга убактылуу эмгекке жарамсыз болгон учурда социалдык кепилдиктер каралган. Иштеп жаткан жарандар ооруп калган учурда, аларга убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул төлөнөт. Жөлөкпул биринчи он иш күнү үчүн эмгек акынын 100% өлчөмүндө, ал эми 11-иш күнүнөн тартып 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө иш берүүчүнүн өздүк каражатынын эсебинен төлөнөт. Жөлөкпулду төлөө үчүн […]