Кудайберген Базарбаев, КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: “Тил – элдин байлыгы ”

Өлкөбүздө социалдык жактан коргоо багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев менен маек курдук.

Кыргызча

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Траст Фондусунун долбоору боюнча медиа кампания өткөрүү консультанттарды тандоо үчүн сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Траст Фондусунун “Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук проблемасын мамлекет менен жарандык коомдун координациялык таасир берүү жолу менен чечүү” долбоору боюнча медиа кампания өткөрүү, консультанттарды тандоо жана негизги изилдөөнү жүргүзүү максатында түз келишим түзүү усулунда конкурс жарыялайт. Кызыкдар адамдар https://zakupki.gov.kg сайтына 2015-жылдын 15 декабрь айынын саат 14:00 чейин табыштама берип төмөнкү дарекке кайрылуусу зарыл. Бишкек шаары, Тыныстанов көч. 215, 3-кабат, 300 каб. Тел. номери  624532.

Кыргызча

Депутат Бекешев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар жетиштүү билим ала албай жатышканын айтты

"Кыргыз мамлекетинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар жетиштүү деңгээлде билим албай жатышат". Муну депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин 10-декабрдагы жыйынында билдирди.

"Бишкек жана Ош шаарларында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды окута турган атайын мектептер бар, бирок айыл жергесинде мындай шарт жок. Өкмөт мындай балдарга билим берүүнүн абалын иликтеп чыгып, аларга билим берүү шартын жакшыртуу чараларын көрүүгө тийиш. Балдарга үйдөн билим берүү тажрыйбасын караштырса жакшы болмок. Айыл мектептеринин билим берүү жагын да караштыруу керек. Ал үчүн балдарды мектепке жеткирүү, сабактан кийин алып келүү маселелерин чечүүгө туура келет",- дейт Бекешев.

Super.kg

 

Кыргызча

Каракол шаарынын социалдык өнүгүү башкармалыгы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөттү

Каракол шаарынын социалдык өнүгүү башкармалыгы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт.

“Фархад Разыков жана Валерий Якушин I топтогу майыптар, туугандары да жок. Ошондуктан башка жакындарынан жардам алган адамдарга салыштырмалуу, жашоолорунан кыйналып жатышат”, - дейт Каракол шаарынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын орун басары Улан Иэтпеков.

Башкармалык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча бир айлыгынын алкагында, буларга 4 миң сомго азык-түлүк алып келишти.

Ошондой эле башкармалык Фархад Разыковго жана Валерий Якушинге кышкы куртка менен шым сатып беришти.

 

Кыргызча

Тогуз-Торо районунда «Дүйнѳм ыйман, сыймыгым Кыргызстан» аттуу ДМЧА карата фестиваль өттү

        Тогуз-Торо райондук социалдык ѳнүгүү башкармалыгы тарабынан 3-декабрь ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнѳ карата жана 15-ноябрдан 15- декабрга чейин «Биз биргебиз» аттуу акцияны ѳткѳрүү максатында иш чара түзүлүп, атайын жобо иштелип, «Дүйнѳм ыйман, сыймыгым Кыргызстан» аттуу салтка айланып калган,  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында фестиваль жер-жерлерде ѳтүп, ѳз колдорунан жаралган кол ѳнѳрчүлүк буюм тайымдарынын кѳргѳзмѳлѳрү уюштурулду. Ал эми 3-декабрь күнү Сары-Булуң айыл аймагында жыйынтыктоочу гала концерти ѳзгѳчѳ шаң менен болуп ѳттү. Бул күнү жүздѳрүнѳн күлкү жаңырып, улуттук кийимдерди кийишип, бири-бири менен баарлашып, жан дүйнѳдѳн жаралган ырларын, бийлерин элге тартуулашты. Ѳзгѳчѳ Курманбаева Маалимкан апанын «Алтынчы күнү кечинде», Мааданбеков Биймырзанын «Сулууларга суктанууга акым бар», Мусаева Динаранын комуз менен коштолгон попурриси, «Күн чыгышым» аттуу кыздар коллективи, Нукешова Нурзаданын «Жаштар маршы» күүсү, Шерматова Зинанын «Кар вальсы», Абдрахманова Базаркүлдүн, Молдалиева Жаңыгүлдүн, Уланбек кызы Айгеримдин жан дүйнѳсүнѳн жаралган кѳркѳм окуулары, кичинекей балдардын кара жорго бийлери жогорку чеберчиликте аткарылып, кѳрүүчүлѳрдүн арзуусуна ээ болушту.

Кыргызча

Жыл башынан бери 5509 жаш бала жашоонун кыйын кырдаалына туш болгону аныкталган

Жыл башынан бери 5509 жаш бала жашоонун кыйын кырдаалына туш болгону аныкталган. Муну бүгүн, 20-ноябрда Бишкекте өткөн тегерек столдун жүрүшүндө эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, 4033 балага же 73 пайызына жардам көрсөтүлүп, кыйынчылыктан чыгарылды.

«Быйылкы жылдын 10 айында 1705 бала кароосуз калган. Алардын ичинен 1343 балага үй-бүлөлөр табылды. 82 жашы жете элек бала биологиялык ата-энеси менен бирикти жана 65 наристе үй-бүлө тибиндеги үйлөргө жөнөтүлгөн. Ар бир бала үй-бүлөдө өсүш керек. Бул үчүн мамлекет жана коомчулук жапа тырмак иш алып барышы кажет»,- деди министр.

Super.kg

Кыргызча

Өлкөдө балдарга карата болгон зордук-зомбулуктардын 90 пайызы жакын туугандары тарабынан жасалат

Өлкөдө балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктардын 90 пайызы жакын туугандары тарабынан ишке ашат. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Бишкекте өткөн тегерек столдун жүрүшүндө эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, балдарды зордуктоо фактылары жашоонун кыйын кырдаалына туш болгон үй-бүлөлөрдө көп болууда.

«Зомбулукка учураган жаш балдардын 10 пайызы гана көчөдө белгисиз адамдар тарабынан кыйноого алынган. Ал эми басымдуу бөлүгү өз атасы, таякеси, агасы жана башка жакын туугандары тарабынан кордолгону бизди өтө өкүндүрөт. Тилекке каршы, мындай фактылар буга чейин деле болуп келген, бул жаңы пайда болгон зөөкүрчүлүк эмес. Буга чейин ал коомчулуктан жашырылып келген.

Кылмышка барардын алдында адам баласы коркуш керек. Ошондуктан балдарга карата зомбулук көрсөткөн кылмышкерлерге өлүм жазасын киргизүү зарыл. Премьер-министр Темир Сариевдинтапшырмасы менен Кылмыш жана жаза кодексине ушундай сунуштарды киргизебиз»,- деди министр.

 

Super.kg

Кыргызча

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бейөкмөттүк эмес уюмдарды социалдык заказ боюнча финасылык отчетторду даярдоо ыкмасын окутуп жатат

Министрлик бейөкмөттүк эмес уюмдарды мамлекеттик социалдык заказдын алкагында аткарылып жаткан долбоорлордун финансылык отчетторун даярдоо ыкмасын окутуп жатат. Бул тууралуу басма сөз кызматы маалымдайт.

Быйылкы жылы республикалык бюджеттен мамлекеттик социалдык заказдын алкагында жүргүзүлгөн долбоорлорго жалпысынан 22,5 млн. сом бөлүнгөн.

Бул акча каражаттарына турмуштук оор кырдалга туш болгон үй-бүлөлөргө, балдарга, улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ылайыкталган борборлор ачылган жана пилоттук долбоорлорду колдоого сарпталган.

Ушул жылы 24 бейөкмөттүк эмес уюмдардын  өкүлдөрү  социалдык кызматтарды көрсөтүүгө колдонулган  мамлекеттик минималдык стандарттар боюнча  тажрыйбалары менен алмашты. Айтылган стандарттар министрлик тарабынан улгайган жарандар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, турмуштук оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөр жана балдарга кризистик жана реабилитациялык борборлордо социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле андан ары контролдоо максатында иштелип чыккан.  

 

Кыргызча

Улгайган адамдарга кайрымдуулук бир айлык алкагында 73820,3 миң сомго колдоо көрсөтүлгөн

Быйылкы жылы “Улгайган адамдарга көңүл буруу жана камкордук” бир айлыгында 73820,3 миң сомго улгайган адамдарга кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт.

Бир ай алкагында улгайган жарандарга колдоо көрсөтүүдө 2015 жылдын 15-октябырынан 15-ноябырга чейин республика боюнча министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү башкаруу органдары, Бишкек  жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан иш-чаралар өткөрүлдү.

Республиканын бүт аймагында өткөрүлгөн иш-чараларга 73820,3 миң сом акча каражаты сарпталган. Анын ичинен 28892,2 миң сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнсө, спонсордук жардам 6585,7 миң сомду түзгөн.

Кыргызча

Турмуш зардабын тарткан балдар аз эмес

Иликтей келгенде турмуштук кыйын кырдаалга кептелген балдар көптүгүн төмөнкү фактылар айтып турат. Үстүбүздөгү жылдын он айынын ичинде эле райондук жана социалдык онүгүү башкармалыктары 4 миңден ашык баланы мындай абалдан алып чыгышты. Ал эми башынан бери турмуштук кыйын кырдаалга туш болгон 13 747 бала табылган. Алардын 7 миңден ашыгы мыйзамсыз ишкекириптер болгондор.

Балдарды коргоо боюнча 5 509 балага жеке план түзүлүп, алардын басымдуусу турмуштук кыйын кырдаалдан чынарылган. Калгандары боюнча иш алып барылууда. Ошондой эле начар абалда калган бир жарым миңден ашык үй-бүлө билинип, 701 не кыйынчылыкты жеңүүгө жардам берилген.

Кыргызча

Pages