КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев: Калктык көйгөйүн билип аны чечүү үчүн дайыма аймактарга чыгып турам

 

Кыргызча

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси бир жуманын ичинде 120 жуп ортопедиялык бут кийимин, 45 даана протездик-ортопедиялык буюмдарын чыгарган

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин медициналык бөлүмү  бир жуманын ичинде 198 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кызмат көрсөтүштү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Протездик-ортопедиялык буюмдарына муктаж болуп тапшырык кылгандар жалпысынан 125 жаран. Анын ичинен  2 жаран биринчи жолу протезге муктаж болсо, 15 жаран протезге муктаж болгондор, ортопедиялык бут-кийимге 74 жаран, ал эми калган 34 жаран ортопедиялык батек жана корсет-бандаж  буюмдарына муктаж болгондор.

Айтылган мекемеде 120 жуп ортопедиялык бут кийими, 45 даана протездик-ортопедиялык буюмдары иштелип чыгарылган.

Кыргызча

“Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо” программасы боюнча макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 27-мартында Брюссель шаарында кол коюлган “Секторду реформалоого келишим – Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо” программасы боюнча кыргыз мамлекети менен Евробиримдиктин ортосундагы каржылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 20-январында кабыл алынган.

Европа биримдигинин “Секторду реформалоого келишим – Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо” программасы өлкөнүн секторалдык саясатына жана стратегияларына ылайык натыйжалуу социалдык коргоо системин өнүктүрүүнү колдоо аркылуу социалдык адилеттүүлүккө жетишүүгө багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Super.kg

Кыргызча

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин медициналык бөлүмү бир жуманын ичинде 261 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кызмат көрсөтүштү

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин медициналык бөлүмү  бир жуманын ичинде 261 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгу чектелген адамдарга кызмат көрсөтүштү.  Бул тууралуу Министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт.

Протездик-ортопедиялык буюмдарына муктаж болуп тапшырык кылгандар жалпысынан 96 жаран, анын ичинен  3 жаран биринчи жолу протезге муктаж болгондор, 10 жаран протезге, ортопедиялык бут-кийимге 95 жаран, калган 46 жаран ортопедиялык батек жана корсет-бандаж  буюмдарына.

Мекеме бир жуманын аралыгында 146 жуп ортопедиялык бут кийим, 64 даана протездик-ортопедиялык буюмдары иштеп чыккан.

Кыргызча

Токтогулда дааратканага ташталган балага тайэнеси камкорчу болду

Токтогулда дааратканага ташталган балага тайэнеси камкорчу болду. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда ымыркайын таштаган эне баласы менен ооруканадан чыгарылган. “Үй-бүлөгө атайын соцкызматкер бекитилген. Ал бала кандай багылып жатканына көңүл буруп турат. Эгерде мыйзам бузуучулук болсо тиешелүү чара көрүлөт”,-деп билдиришти министрликтен.

Эске сала кетсек, 27-январда саат 21:30да Токтогулдагы коомдук дааратканадан уул бала табылган. Дааратканадан баланын ыйы угулуп жатканын жергиликтүү тургундар угушуп, укук коргоо органдарына билдиришкен. Көп узабай “күкүк эне” кармалып, ден-соолугунун начар болгонуна байланыштуу ооруканага жаткырылган. Ага карата кылмыш иши козголгон эле.

Булак:Каганат

Кыргызча

Мүмкүнчүлүгү чектелгендерди жумуш менен камсыз кылуу тапшырмасы берилди

10-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевди жана Мамлекеттик Миграция кызматынын төрагасы Бактыбек Адыловду кабыл алды.

Жолугушууда аталган мамлекеттик органдардын аткарган иштери жана 2016-жылга карата пландар талкууланды.

Премьер-министр Темир Сариев Өкмөттүн негизги милдеттердин бири  жарандарды социалдык коргоого алуу экенин  белгилеп, бул жаатта бир катар тапшырмалар турганын билдирди.

Учурда республикалык бюджеттин 52 пайызы социалдык багытка каралган. Бул каражаттын эффективдүүлүгү жана даректүүлүгүн жогорулатуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү керек. Мамлекеттин көрсөткөн жардамы чынында муктаж болгон адамдарга сезилээрлик деңгээлде болушу керек», – деди Темир Сариев.

Премьер-министр калктын аялуу катмарларына, балдарга жана кары-картаңдарга даректүү жардам көрсөтүүдө Социалдык өнүктүрүү министрлиги ачык-айкындыкты камсыз кылып, тартипке салууну тапшырды.

Ошондой эле Темир Сариев ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды тиешелүү жумуш менен камсыз кылуу жана аларга шарт түзүү жаатындагы иштерди күчөтүү боюнча тапшырма берди.

Кыргызча

Тогуз-Торо райондук социалдык ɵнʏгʏʏ башкармалыгынын 2015-жылга карата социалдык төлөмдөрү

Тогуз-Торо райондук социалдык ɵнʏгʏʏ башкармалыгында аз камсыз болгон балдары бар 912 ʏй-бʏлɵнʏн ай сайын 2464 балдарына жыл башынан бери 25761,8 мин сом, 210 жаны тɵрɵлгɵн балдар ʏчʏн 460,2 миң сом, 637 социалдык жɵлɵкпул алуучуга  23325,7 миң сом чектелген. Башкармалык тарабынан айыл ɵкмɵттɵʏ тарабынан ай сайын сунушталган аз камсыз болгон балдары бар ʏй бʏлɵлɵргɵ жана жɵлɵкпул алууга керектелʏʏчʏ тактамаларды берген ишканаларга  кайчылаш текшерʏʏлɵр жʏргʏзʏлʏп,  даректʏʏлʏгʏк  кʏчɵтʏлгɵн, ошондой эле  КР Социалдык ɵнʏгʏʏ министрлиги жана КР Социалдык фонду ортосундагы Кызматташуу тууралуу макулдашууну ишке ашыруу боюнча райондук соц.фонд мекемесине социалдык жɵлɵкпул алуучулардын пенсияга укуктуулугун сурап 6 ай сайын тизме жɵнɵтʏлʏп турат, натыйжада ɵткɵн 2014-ж. менен салыштырмалуу аз камсыз болгон ʏй-бʏлɵлɵр 73 уй-бʏлɵгɵ, 177 балага, жаны тɵрɵлгɵн балдар 16 балага,  социалдык жɵлɵкпул алуучулар 28 алуучуга, суммасы 238,1 миң сомго азайды. Ал эми, аз камсыз болгон балдары бар уй-бʏлɵнʏн бир жылга керектелген жɵлɵкпулдун суммасы ɵткɵн жыл менен салыштырмалуу 4802,1 сомго кɵп, себеби КРѲ нʏн 05.08.2015-ж. №217 токтомунун негизинде керектɵɵнʏн гарантияланган минималдуу ɵлчɵмʏ 810 сомго кɵбɵйгɵндʏктɵн, ар бир жɵлɵкпул алуучунун керектелʏʏчʏ суммасы 230-240 сомго чейин кɵбɵйдʏ, мурда 1 балага орто эсеп менен 713 сом тɵлɵнсɵ, азыр 950 сом тɵлɵнʏʏдɵ.

Кыргызча

Базар-Коргон районунда тигүү курсуна катышкан айымдарга 100 килограмм ун, 10 литр өсүмдүк майы таратылууда

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда тигүү курсуна катышкан айымдарга 100 килограмм ун, 10 литр өсүмдүк майы таратылууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган райондун Акман айыл округунда 70 аял тигүү курсуна катышууда. Алар “Эмгек кылсаң, азык-түлүк ал” аттуу долбоордун алкагында окутулуп, социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев менен жолугушушту.

Былтыр аталган долбоордун алкагында 1300 адам атайын окуудан өтүп, кесипке ээ болду. Тигүү курстарынан тышкары ширетүүчү, чачтарач, электрик, кондитер, балык багуу жана эмерек жасоо боюнча окутуу жүргүзүлгөн. Мындай коомдук иштерге 90 миң адам тартылган. Алар жамааттарга биригип жол курушту, көпүрөлөрдү оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү”,- деди министр.

Super.kg

Кыргызча

Быйыл аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына берилүүчү жөлөкпулдун суммасы 10 пайызга жогорулайт

Быйыл аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына берилүүчү жөлөкпулдун суммасы 10 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургундары менен болгон жолугушууда айтканын 5-январда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, аталган райондо аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 11 332 бала ай сайын жөлөкпул алат. Анын орточо суммасы 709,8 сомду түзөт.

Жалпысынан 2015-жылы Ала-Букада 13 844 тургун социалдык жактан камкордукка алынган. Анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 12 адамга курорттук санаторийде эс алууга жолдомо берилсе, 4 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамга атайын араба тапшырылган.

Super.kg

Кыргызча

Министр Чаткалдын эң кары тургунун Жаңы жылы менен куттуктады

КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Чаткал районунун эң кары тургуну, 103 жаштагы Зейнеп Айтбаеваны Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралу басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык,  учурда Зейнеп Айтбаева Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында жашайт.

 “Мамлекеттик социалдык тапшырык боюнча  былтыр Ала-Бука, Тоң, Москва, Түп райондорунда,Каракол шаарында улгайган жарандарыбыз үчүн убактылуу жашоого атайын беш борбор ачылган. Ага 2,5 млн сомго жакын каражат жумшалган. Мындан сырткары, жарым миллион сомдук каражат Кара-Суу районунун карылар үйүн курууга жардам катары берилген. Аталган борборлордо улгайып калган, пенсия убагындагы жарандарыбыз убактыларын пайдалуу өткөргөнгө, же болбосо тек гана баарлашууга да шарттар түзүлгөн,”-деп билдирет министр.

Кыргызча

Pages