Эмгек министри Гүлнара Баатырова: “Киби” заманбап протез колдору үчүн 1,5 млн сом бөлүндү
Бүгүн, 26 – январда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова заманбап “Киби” кол протездерин алган балдар менен жолугушту. Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде болуп өткөн жолугушууда кол протездери боюнча презентация жасалды. “Бул “Киби” кол протездери Эмгек министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин протезчи-техниктер тарабынан орусиялык “Моторика” компаниясынын – Сколково резидентинин компоненттеринен даярдалган. Былтыртан […]