Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңештин кезектеги отуруму өттү

КР Министрлер Кабинетине караштуу майыптар боюнча кеңешинин кезектеги жыйынында “Жеткиликтүү өлкө” мамлекеттик программасынын артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Отурум Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсаловдун төрагалыгы астында өттү. Кеңештин отурумунда мамлекеттик органдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен бирдикте республикадагы майыптуулугу бар адамдардын абалын жакшыртуу, […]

Далее..... Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңештин кезектеги отуруму өттү

Эмгек министрлигинде гендердик теңдик жаатында өлкө боюнча серебин даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү

Бүгүн, 20-декабрда, улуттук керектөөлөргө ылайык гендердик теңдик чөйрөсүндөгү өлкө серебинин темаларын талкуулоо үчүн ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү. Мамлекеттик органдардын, жарандык коом уюмдарынын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсаловдун тапшырмасы боюнча түзүлгөн. Жумушчу топтун милдеттерине гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук иш-аракеттер планында каралган […]

Далее..... Эмгек министрлигинде гендердик теңдик жаатында өлкө боюнча серебин даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү

Кесиптик окутууну аяктагандардын 62% ишке орношкон-Эмгек министри Гүлнара Баатырова

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова №100 кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшыруу аземине катышты. Окуучулар эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон электрик жана электргаз ширетүүчү кесиптерге ээ болушту. Анын айтымында, Эмгек министрлиги эмгек рыногунда талап кылынган адистерди даярдоо үчүн өлкөнүн 100 кесиптик лицейлери менен кызматташуу келишимдерин түзгөн. «Бизде колледждер, университеттер жана окуу борборлору менен […]

Далее..... Кесиптик окутууну аяктагандардын 62% ишке орношкон-Эмгек министри Гүлнара Баатырова

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырованын Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуусу

“Урматтуу мекендештер! 18-декабрь Мигранттардын эл аралык күнү. Бул күн бизге кыргызстандык мигранттардын, ошондой эле Кыргызстандагы мигранттардын Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө кошкон зор салымын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берет. Кыргыз Республикасы 2003-жылдын 15-апрелинде “1990-жылдын 18-декабрындагы бардык эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча эл аралык конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө” Мыйзамды кабыл алуу менен Конвенцияга кошулган. […]

Далее..... Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырованын Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуусу

Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы балдар үчүн балаты уюштурулду

2023-жылдын 18-декабрында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Назгүл Насиева» коомдук фонду менен биргеликте «Дасмия» ресторанында Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын балдары үчүн жаңы жылдык балаты өткөрдү. Бул балатыга турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн 500 баласы чакырылган. Балдар үчүн жаңы жылдык программа уюштурулду. Иш-чараны ачып жатып, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова балдарга […]

Далее..... Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы балдар үчүн балаты уюштурулду

Эмгек министри Гүлнара Баатырова Курултайдын делегаттарынан кайрылууларды кабыл алууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова экинчи Элдик курултайдын катышуучуларынан майып балдар жана чоңдор ала турган кызматтар тууралуу кайрылууларды кабыл алып, маалыматтарды берди. Делегаттардын суроолору социалдык жөлөкпулдарга жана майыптыкты аныктоого байланыштуу болду. “Өткөн жылдан бери майыптыгы бар балдар үчүн “Келечек” реабилитациялык борбору иштеп келет. Үстүбүздөгү жылдын жаз айларынан тарта үй-бүлөгө багытталган комплекстүү “Передышка” […]

Далее..... Эмгек министри Гүлнара Баатырова Курултайдын делегаттарынан кайрылууларды кабыл алууда

Өлкөнүн интернаттарында балдардын 5% гана ата-энесинин экөөнөн тең айрылгандар

  Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Республикада бардыгы болуп 137 интернаттык мекеме катталган, аларда 9900 бала жашайт. Алардын 5% гана ата-энеси жок, калгандарынын ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү бар. Жыл сайын орто эсеп менен 180 интернаттын окуучулары орто мектепти аякташат, алардын үчтөн экиси 11-класска чейин окуп чыгышат.  

Далее..... Өлкөнүн интернаттарында балдардын 5% гана ата-энесинин экөөнөн тең айрылгандар

Эмгек министрлиги “Мекен-картаны”ким жана кантип алса болорун айтып берди

Мекен-карт – чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ырастаган мамлекеттик маанидеги документ болуп эсептелет. Бул документти чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештерге берүү максатында “Мекен-карт” автоматташтырылган маалыматтык системасы 2023-жылдын 13-мартында ишке киргизилип, жарандардан арыздар (талап кылынган документтер) кабыл алынып баштаган. Мекен-картты кимдер ала алат? Мекен-карт документи мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандарга, мурда Кыргыз […]

Далее..... Эмгек министрлиги “Мекен-картаны”ким жана кантип алса болорун айтып берди

Эмгек министрлиги кыргыз мигранттарынын коопсуздук маселесин камсыз кылуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жаткандыгын маалымдайт

  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу Борбору, эмгек мигранттарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жаткандыгын айтып берди. Чет өлкөгө жөнөп жаткан жарандар Кыргыз Республикасынан чыгып кеткенге чейин, акысыз негизде чыгып кетүү алдындагы даярдыктан, өтүшөт. Бул иш-чара Министрликте дайыма жана туруктуу негизде журүп турат. тышкы эмгек миграция жөнүндө […]

Далее..... Эмгек министрлиги кыргыз мигранттарынын коопсуздук маселесин камсыз кылуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жаткандыгын маалымдайт

Эмгек министрлиги Элдик Курултайдын катышуучулары үчүн кабыл алуу бурчун  уюштурду

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн II Элдик Курултайдын катышуучулары үчүн кеп-кеңеш бурчун уюштуруп, ага республиканын бардык облустарынан 695 делегат, анын ичинен этностук топтордон 30,  чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан 30 делегат катышууда. Иш-чарага ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Н.Т.Шакиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаров, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Жогорку […]

Далее..... Эмгек министрлиги Элдик Курултайдын катышуучулары үчүн кабыл алуу бурчун  уюштурду
Пайдалуу
Ссылкалар