Дарманкул уулу Бакыт жана Мамат уулу Чынгызбек Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басарлары болуп дайындалды
Тиешелүү тескемелерге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Тиешелүү тескемелерге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Бүгүн, 19-мартта, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңешинин кезектеги 13-отурумуна катышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун Төрагалыгы алдында Кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү кирет. Кеңеш ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын саламаттык […]
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова “Студенттик билим берүү аркылуу тоолуу аймактардагы аялдарды жана кыздарды коргоо” иш-чарасына катышты. Иш-чара Нью-Йорк шаарындагы БУУнун аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 68-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу БУУ алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгү, Непалдын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү, Тоо Өнөктөштүк катчылыгы жана Юта өрөөнүнүн университети менен биргеликте уюштурулуп, тоолуу аймактардагы аялдарды жана […]
2024-жылдын башына карата Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 266 бала каттоодо турат. Бул тууралуу Министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Ошол эле учурда өткөн жылдын башында туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын саны 445 адамды түзгөн. Быйылкы жылы былтыркы жылга салыштырмалуу туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын саны 40,2 % азайды. […]
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Нью-Йорк шаарында БУУнун аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 68-сессиясында билдирди. “Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргыз Республикасы Эл аралык эмгек уюмунун Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүнү жоюу боюнча № 190 Конвенциясын ратификациялаган, 7-мартта 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программа бекитилген. Бул 2030-жылга чейин […]
2024-жылдын 1-мартына карата «Балага сүйүнчү» бир жолку төлүмүн 26 377 бала алышты, ал үчүн 105,6 млн.сом каржыланды. Министрликтен билдиришкендей, ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөм 4000 сомду түзөт. Эгерде бир убакта үч же андан көп бала төрөлсө, ар бир балага “балага сүйүнчү” 50 миң сомдон төлөнөт. Бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн Калкты тейлөө […]
Рысбекова Жыпариса Боронбаевна Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Бүгүн КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 68-сессиясынын алкагында “Гендердик теңчиликке жетишүү жана бардык аялдардын, кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн институттарды бекемдөө, финансылык каражаттарды максималдуу натыйжалуу пайдалануу жаатындагы алдыңкы тажрыйба” темасында баяндама жасады. Министр өз сөзүндө аялдарга инвестиция салуу жалпы коомдун […]
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин шаардык, райондук, райондор аралык башкармалыктарда 927 социалдык кызматкер эмгектенет. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт. Социалдык кызматкерлер жалгыз бой жашаган улгайган жарандарды, өзүн-өзү камсыз кылууга жана басып-турууга кудурети чектелишинен улам негизги турмуштук муктаждыктарын өз алдынча канааттандыруу мүмкүнчүлүгүн жарым-жартылай жоготкон жарандарды, жубайларды, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү, майыптыгы бар […]
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 68-сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясын жетектеди. Дүйнөнүн 190дон ашуун өлкөсүнөн келген профилдик уюмдардын делегаттары гендердик теңчиликке жетишүүнү тездетүү, жакырчылык менен күрөшүү, институттарды бекемдөө жана гендердик факторлорду эске алуу менен каржылоо аркылуу бардык аялдар менен кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү […]