Кыргызстанда аялдардын жакырчылыгын жоюу боюнча комплекстүү чаралар киргизилүүдө
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Нью-Йорк шаарында БУУнун аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 68-сессиясында билдирди. “Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргыз Республикасы Эл аралык эмгек уюмунун Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүнү жоюу боюнча № 190 Конвенциясын ратификациялаган, 7-мартта 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программа бекитилген. Бул 2030-жылга чейин […]