Төрага Нурланбек Шакиев Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине кичи автобус белекке берди
Бүгүн, 1-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды. Алгач Төрага Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинен кабар алып, абалы менен таанышты. Андан соң, андагы эмгектенген адистер менен баарлашып, 3-декабрь – Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүн утурлай уюштурулган иш-чарага күбө болду. Алсак, Жалал-Абад шаарындагы балдардын […]