I кварталда Эмгек министрлигине 3 миңден ашык кайрылуу түшкөн
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Министрликке биринчи кварталда жазуу жүзүндө жана жеке жолугушуулар аркылуу 3079 кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинен 371 жазуу жүзүндөгү кайрылуулар, алардын дээрлик 85% өз убагында аткарылган. Кайрылуулардын негизги бөлүгү мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды дайындоо, балдардын жана майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо, медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын […]




















