9 миңден ашык ашык кыргызстандык эмгек министрлигинен суроолоруна жооп ала алышты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, үстүбүздөгү жылдын 8 айында 7 миңден ашык кыргызстандыктар Коомдук кабылдама, “ишеним телефону” жана ведомство жетекчилигинин жеке кабыл алуулары аркылуу ар кандай суроолор менен кайрылышкан. Министрлик кызмат алуучулар үчүн максималдуу жеткиликтүүлүк жана ачыктык камсыздалганын белгилейт. Майыптыгы бар жарандар үчүн бардык стандарттарды сактоо менен пандустар бар. Эмгек […]

Далее..... 9 миңден ашык ашык кыргызстандык эмгек министрлигинен суроолоруна жооп ала алышты

Эмгек министрлиги “EPАM Kyrgyzstan”ИТ-компаниясы менен моморандумга кол коет

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары У.Б.Чаначев менен “EPАM Kyrgyzstan”ИТ-компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу болуп, кызматташуу маселелери талкууланды. Жолугушууга ошондой эле “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемесинин директору Р.Акынбеков, санариптик өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Г. О. Намазова, Министрликтин иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн өкүлдөрү, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын жана жарандарды […]

Далее..... Эмгек министрлиги “EPАM Kyrgyzstan”ИТ-компаниясы менен моморандумга кол коет

Эмгек министри Кудайберген Базарбаев Москва шаарында эмгек мигранттарына жардам берүү борборун ачты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Москва шаарында эмгек миграциясында жүргөн аялдар үчүн “Умай эне” кайрымдуулук борборун онлайн ачты. Аталган борбор Россия Федерациясындагы Эмгек министрлигинин Өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен уюштурулуп, мындан ары да иштей берет, эмгек миграциясында жүргөндө турмуштук оор кырдаалга кабылган аялдарга, ошондой эле алардын балдарына жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам […]

Далее..... Эмгек министри Кудайберген Базарбаев Москва шаарында эмгек мигранттарына жардам берүү борборун ачты

“Кыргызстанда экологиялык туруктуу экономикага адилеттүү өтүүгө көмөктөшүү” долбоору старт алды

Бүгүн, 4-сентябрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова татыктуу эмгек маселелери боюнча техникалык колдоо тобу жана Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн Эл аралык эмгек уюму менен Кыргызстанда экологиялык туруктуу экономикага адилеттүү өтүү чөйрөсүндө кызматташуу жана чараларды биргелешип ишке ашыруу маселелерин талкуулады. “Климаттын жана айлана-чөйрөнүн өзгөрүшү жакырчылыкты кыскартууга, татыктуу эмгекке […]

Далее..... “Кыргызстанда экологиялык туруктуу экономикага адилеттүү өтүүгө көмөктөшүү” долбоору старт алды

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын август айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 1 – августунан 1 – сентябрына чейин  7939 телефондон кайрылуу (бир суткада 256 чалуу) түшкөн. Анын ичинен 163 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 53 же 32,5%  жаш балдар, ал эми 110 же 67,5% чоң кишилер), 127 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар […]

Далее..... «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын август айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын август айынын төртүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 22 – августунан 1 – сентябрына чейин 2611 телефондон кайрылуу (бир суткада 261 чалуу) түшкөн. Анын ичинен 37 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 10 же 27,0%  жаш балдар, ал эми 27 же 73,0 % чоң кишилер), 32 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен […]

Далее..... «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын август айынын төртүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

Эмгек министри Кудайберген Базарбаев Ноокен районунун Шалка айылында жаңы мектепти ачты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Шалка айылынын мугалимдерин, окуучуларды жана ата-энелерди жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады. Майрамдык иш-чаранын башталышында министр Кудайберген Базарбаевге, КР ЖК депутаты Мейкинбек Абдалиевге жана мектептин директору мектептин ачкычын тапшырышты. «Биринчи мектеп Шалка айылында 1936-жылы курулуп, көп жылдар бою Улуу Ата Мекендик согуштун баатырынын ысымын […]

Далее..... Эмгек министри Кудайберген Базарбаев Ноокен районунун Шалка айылында жаңы мектепти ачты

Эмгек министри Кудайберген Базарбаев баатыр энени жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин эгемендүүлүк Күнү менен куттуктады

Бүгүн, 31-августта эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Баатыр эне Адалат Асанованы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Адалат Асанова-10 баланын энеси Сузак районунун Кара-Алма айылында жашайт. Министр ага ден-соолук жана узак өмүр каалап, эстелик белектерди тапшырды. Ошондой эле Кудайберген Базарбаев Сузак районунун Багыш айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мамасали Жумаевге […]

Далее..... Эмгек министри Кудайберген Базарбаев баатыр энени жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин эгемендүүлүк Күнү менен куттуктады

Эмгек министри Кудайберген Базарбаев Сузак интернатынын кызматкерлерин жана тарбиялануучуларын эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Сузак социалдык стационардык мекемесинин кызматкерлерин жана тарбиялануучуларын Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгы менен куттуктады. Азыркы учурда интернатта Жалал – Абад, Баткен жана Ош облустарынан келген 90 камкордукка алынгандар-майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар жашайт. Алар үчүн күнү-түнү тейлөө уюштурулган, фитобар иштейт, дарылоо физкультурасы иштейт, протездик-ортопедиялык буюмдар акысыз берилет. […]

Далее..... Эмгек министри Кудайберген Базарбаев Сузак интернатынын кызматкерлерин жана тарбиялануучуларын эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Эмгек министри Кудайберген Базарбаев Жалал-Абад элин Президенттин атынан Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Бүгүн, 31-августта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун атынан Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун тургундарын Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгы менен куттуктады. Министр мамлекет башчынын куттуктоосунун текстин окуп берди. « Эгемендигибиз басып өткөн жолубузду: ийгиликтерге кантип жетишкендигибизди, кыйынчылыктарды кантип жеңгенибизди, жаркын келечек курууга багыт алганыбызды эскертип турат. Бул […]

Далее..... Эмгек министри Кудайберген Базарбаев Жалал-Абад элин Президенттин атынан Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Пайдалуу
Ссылкалар